Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-июну № 4228-V
"2012-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн, Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Түрк академиясын түзүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 30-майындагы № 290 токтому) "2012-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн, Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Түрк академиясын түзүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров
|