Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-майы № 290
"Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган Азербайжан Республикасынын Өкмөтү, Казакстан Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Түрк академиясын түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинё ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган Азербайжан Республикасынын Өкмөтү, Казакстан Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Түрк академиясын түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган Азербайжан Республикасынын Өкмөтү, Казакстан Республикасынын Өкметү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Түрк академиясын түзүү жөнүндө макулдашууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Биринчи вице-премьер-министр, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Т.Д. Сарпашев |
| Долбоор |
1-берене.
Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган Азербайжан Республикасынын Өкмөтү, Казакстан Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Түрк академиясын түзүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө түрк тарапка билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|