КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-июну № 4267-V
"2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун
өнүктүрүү" боюнча Мамлекеттик максаттуу программанын
долбоорун бекитүү жөнүндө
Сот реформасын ишке ашыруу жана сот бийлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жактырылган (2014-жылдын 19-мартындагы №174 токтому) "2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү" боюнча Мамлекеттик максатуу программа (мындан ары ММП) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ММПны колдонуу мөөнөтү бүткөндөн кийин кийинки отчеттук мезгил үчүн ММПнын аткарылышынын жыйынтыктарды боюнча отчеттук мезгил үчүн ММПнын аткарылышынын жыйынтыктары боюнча отчетту 1-майга чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- ММПны талкуулоонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары жана депутаттык фракциялары тарабынан айтылган сунуштарды эске алсын жана ММПга тиешелүү өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
- ММПны аткаруу мониторингин жыл сайын жүргүзсүн жана кезектеги жылга Бюджеттик резолюциянын долбоору киргизилгенге чейин аны ишке ашыруу деңгээли жөнүндө тыянактар камтылган жыйынды отчетту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши берсин.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров
|