Редакцияот 25.06.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 25-июну № 4261-V

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV токтому менен бекитилген ишкердиктин субъектилерин текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесине толуктоо киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV токтому менен бекитилген ишкердиктин субъектилерин текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесине төмөндөгүдөй мазмундагы толуктоо киргизилсин:

"13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрагасынын орун басары

 

Т.Зулпукаров