Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-майы № 4054-V
Кыргыз Республикасынын аймагында турган спорттук объекттер менен курулмалардын абалын жана багытын иликтөө боюнча убактылуу комиссиянын маалыматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 20-декабрындагы № 2639-V токтому менен түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын аймагында турган спорттук объекттер менен курулмалардын абалын жана багытын иликтөө боюнча убактылуу комиссиянын маалыматын угуп жана карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт.
Өткөрүлгөн 3 жыйналыштын жана текшерүүнүн жүрүшүндө спорттук объекттер менен курулмалардын саны, абалы жана багыты жөнүндө учурдагы кырдаал иликтөөгө алынган. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд тарабынан дене тарбиясы жана спорт объекттерин жеринде инвентаризациялоо максатында ведомстволор аралык жумушчу топтор түзүлүп, алардын курамына Маммүлк фондусунун жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Дене тарбиясы жана спорт мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү кирген.
Азыркы убакта Кыргыз Республикасында 298, алардын ичинде 72-мамлекеттик, 226 - муниципалдык спорттук курулма бар; алардын ичинен Бишкек шаарында 22 мамлекеттик жана 29 муниципалдык спорттук курулма; Ысык-Көл областы боюнча 15 мамлекеттик, 39 муниципалдык; Жалал-Абад областы боюнча 4 мамлекеттик, 35 муниципалдык; Нарын областы боюнча 5 мамлекеттик, 11 муниципалдык; Ош областы жана Ош шаары боюнча 8 мамлекеттик, 47 муниципалдык; Талас областы боюнча 7 мамлекеттик жана 14 муниципалдык; Чуй областы боюнча 9 мамлекеттик, 37 муниципалдык; Баткен областы боюнча 2 мамлекеттик, 15 муниципалдык спорттук объект бар.
Билим берүү системасында 55 балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептери жана дене тарбиясына даярдоо клубдары бар: алардын ичинен
Бишкек шаары боюнча -1 борбор, 1 БУАОРМ; Чуй областы боюнча -3 БУСМ; Ысык-Көл областы боюнча - 2 БУАОРМ; 5 БУСМ; Нарын областы боюнча - 1 БУАОРМ, 5 БУСМ; Талас областы боюнча - 5 БУСМ; Ош областы боюнча - 8 БУДЦК; Жалал-Абад областы боюнча - 1 БУАОРМ, 12 БУСМ, 7 БУДЦК; Баткен областы боюнча - 4 БУДЦК.
2013-жылдын 1-январына карата жалпы билим берүүчү спорттук мектептерде 7ден 17 жашка чейинки курактагы 28 959 окуучу окуйт. 878 машыктыруучу окутуучу жана ийримдердин жетекчилери балдар менен иштейт, алардын 609нун дене тарбиясы боюнча жогорку билими бар.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбиясы жана спорт мамлекеттик агенттигинин тутумунда дене тарбиясы жана спорттун 21 мектеби бар, алардын ичинен 5 РБУАОРМ, 2 БУАОРМ, 11 БУСМ, Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча республикалык борбор, Кыргыз Республикасынын курама командаларын даярдоонун олимпиядалык борбору, Ш.Сыдыков атындагы Республикалык олимпиядалык резерв окуу жайы иштейт. Окуучулардын саны - 10 077 спортчу, машыктыруучулардын курам 476 машыктыруучуну тузөт.
Мамлекеттик мулкту башкаруу боюнча фонддун маалыматы боюнча 1991-жылдан тартып 2012-жылга чейинки мезгилдин ичинде дене тарбиясы жана спорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик менчиктин 64 объектиси, анын ичинде стадиондор, ден соолуктуу чындоо борборлору, лагерлер, спорт дукөндөрү ж.у.с. менчиктештирилген. Бишкек шаары боюнча - 8 объект, Чуй областы боюнча - 10 объект, Ысык-Кел боюнча - 25 объект, Ош областы боюнча - 9 объект, Талас жана Нарын областтары боюнча 2ден объект менчиктештирилген.
"Дене тарбиясы жана спорт жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык мамлекеттик менчикте болгон жалпы улуттук маанидеги дене тарбия-ден соолукту чындоочу спорттук жана спорттук-техникалык курулмалар менчиктештирилүүгө жатпайт. Ошого карабастан, 1990-2000-жылдардагы дене тарбиясы жана спорттук объекттерди менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын одоно бузуулар менен жүргүзүлгөн.
Алсак, Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча мыйзам бузууларды четтетүү, мүлктү мамлекеттик менчикке кайтарып берүү максатында 4 кылмыш иши козголуп, мыйзамсыз чыгарылган укуктук актыга протест келтирилген жана мыйзамды бузууларды четтетүү жөнүндө талап коюулар чыгарылып, сотко доо арызы берилген, ага ьлайык мамлекетке 2 объект кайтарылып берилген.
Спорттук курулмаларды тандап алуу менен жерине барып текшерүүлөр жүргүзүлүп, алардын жүрүшүндө дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү төмөнкүдөй көйгөйлөр табылган.
Инфраструктуранын жана спорттук шаймандардын болушунун өтө төмөнкү денгээли байкалган. Болгон материалдык-техникалык базанын абалы дене тарбиясынын жана спорттун өнүгүшүнүн заманбап талаптарына ылайык келбейт. 1992-жылдан тартып мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен бир дагы заманбап стандарттык спорт объектиси курулган эмес. Көпчүлүк спорттук объекттер кейиштүү абалда турат.
Калктын спорттук объекттери менен камсыз болуусу орточо 16дан 1%га чейинкини түзөт. Борбордук спорттук объекттердин - К.Кожомкул атындагы Спорт сарайынын, Д.Омурзаков атындагы башкы спорттук аренанын кейиштүү абалы жөнүндө өзүнчө белгилеп кетүү зарыл. Бүгүнкү күндө жадагалса ушул борбордук объекттер эл аралык талаптарга жооп бербейт. Чын-чынында Кыргыз Республикасында дуйнөнүн жана Азиянын чемпионаттарын өткөрүү мүмкүн эмес.
СССР ыдырагандан кийин көпчүлүк спорттук объекттер материалдык-техникалык абалын андан ары жакшыртуу шарты менен менчиктештирилген. Бирок, бир дагы объект капиталдык ремонттон өткөн эмес. Анан калса, кайрадан сатышуу менен азыркы убакта багыты боюнча пайдаланылбайт. Мындай спорттук объекттерге "Сельмашовец" стадионун, "Инструментальщик" стадионун, "Ак-Кула" ат майданын, Ысык-Көл областынын Каракол шаарынын ат майданын, Тогуз-Булак спорттук лагерин ж.у.с. кошууга болот.
Кыргыз Республикасынын курама командаларын даярдоо үчүн спорттук базанын жоктугу көптөгөн жылдардан бери курч маселе бойдон турат. Ата мекендик спортчулар окуу-машыгуу процессин көпчүлүк учурларда белгиленген ченемдерге ылайык келбеген спорттук объекттерде өткөрүүгө мажбур болууда.
Жогорку квалификациялуу машыктыруучу кадрларды, биринчи кезекте өлкөнүн спорттук курама командалары менен иштөө үчүн машыктыруучу кадрларды даярдоо курч көйгөй бойдон калууда. Спорттук машыктыруучу кадрларды даярдоодо, анын ичинде массалык спортту өнүктүрүүнү илимий негиздөө үчүн академиялык илимдин мүмкүнчүлүктөрү толук мерчемде жана с дайым эле натыйжалуу пайдаланыла бербейт. Бүгүнку күндө Кыргыз Республикасында спорттук машыктыруучуларды кесипкөй даярдоо тутуму, ошондой эле машыктыруучу-окутуучу курамдын квалификациясын жогорулатуу системасы жок. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы бул милдетти аткара албай жатат.
Республикада спорттук медицина иш жүзүндө жок экендигин белгилей кетүү зарыл. Республика боюнча спорттук дарыгерлер таптакыр жетишпейт. Кыргыз Республикасынын курама командаларын даярдоо боюнча комплекстүү илимий топ жок, ал эми бүткүл дуйнөдө спорттук медицинага жана илимге зор көңүл бурулууда. Мисалы, календардык планда республикалык жана эл аралык бир нече мелдештер болгону менен келечектүү спортчуну бир гана маанилүү мелдешке даярдашат. Ал республикалык мелдештерге катышканы менен, эл аралык мелдештерге катышууга чамасы жетпейт, анткени спортчуну тез калыбына келтире алган квалификациялуу спорттук медициналык дарыгерлердин жана дары-дармектердин жетишсиздигинен анын организми толугу менен калыбына келбейт. Мындай аргасыз абалдан улам биздин спортчулардын көпчүлүгүнүн маанилүү мелдештерге катышууга мүмкунчүлүгү жок.
Мамлекеттик-жеке өнөктүк тутуму дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүүдө жетишсиз пайдаланылып, ошондой .эле дене тарбиясынын жан| , спорттун муктаждыктары учун орто жана чакан ишканалар жетишсиз тартылат. Бизнес үчүн акчаны спортко жумшоо кызыкчылыгын жараткандай шарттарды түзүү зарыл.
Окуучуларды, анын ичинде мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде окугандарды дене тарбиясы жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу боюнча иш жетиштүү түрдө системалуу жүргүзүлбөйт, бул үчүн башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү тутумунда дене тарбиясы боюнча окутуунун программасын олуттуу өркүндөтүү талап кылынат.
Азыркы учурда дене тарбиясы жана спорт чөйрөсүндөгү мыйзамдык база өркүндөгөн эмес. Мамлекет тарабынан дене тарбиясы менен спорттун көйгөйлөрүнө жетишсиз көңүл бурулууда.
Билим берүү тутумунда мектептен тышкаркы спорттук уюмдарды жоюу жана спорттук объекттердин аймагына жанаша жаткан аймактардагы жер участокторун турак уйлөрдү куруу учун берүү фактылары бар.
Спортчулар учун жана мелдештин жана мелдештерге карата даярдык боюнча окуу-машыгуу жыйындарынын катышуучулары үчүн тамактануу ченемдеринин дегээлинин төмөндүгү аларга тийиштүү турдөгү оор машыгууларды жасоого мүмкүнчүлүк бербей жатат, эл аралык спорттук аренадагы көрсөткүчтөрдүн төмөндөшү мына ушунун натыйжасы болуп саналат. Дене тарбиясы жана спорт чөйрөсүндөгү кызматкерлердин эмгек акысынын төмөн болушу кесипкөй кадрлардын кетип калуусуна алып келүүдө.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- дене тарбиясы жана спорт чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоону жүргүзсүн жана бүгүнкү күндүн талаптарына ылайык өзгөртүү киргизүүнү демилгелесин;
-Кыргыз Республикасында дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүүнүн максаттуу программасын иштеп чыксын жана бекитсин;
-"Дене тарбиясы жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесин ишке ашыруу максатында "Жалпы улуттук же мамлекеттик маанидеги объекттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчикте турган спорттук курулмаларды калыбына келтирүү жана алардын материалдык-техникалык абалын жакшыртуу боюнча жоопкерчилигин жогорулатсын;
- "Дене тарбиясы жана спорт объекттеринин республикалык реестри жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-январындагы № 25 токтомунун аткарылышын камсыз кылсын;
-дене тарбиясы жана спорт чөйрөсүндөгү кызматкерлердин эмгек акысынын өлчөмүн көбөйтүү боюнча чараларды көрсүн;
-Кыргыз Республикасында дене тарбиясын жана спортту колдогон меценаттар үчүн жеңилдиктердин жана кызыктыруучу чаралардын тутумун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
-дене тарбиясы жана спорт жөнүндө билимдерди жайылтуу жана жашоонун сергек мүнөзүн пропагандалоо боюнча өнөктүк өткөрүүнүн уюштуруу чараларын көрсүн;
- спортчуларды даярдоочу базаны уюштуруу жана дене тарбиясы жана спорт боюнча ар кандай массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Дене тарбиясы жана спорт Мамлекеттик агенттигине Ысык-Көлдүн жээгинен бир пансионатты өткөрүп берүү жөнүндө маселени карап чыксын.
-Кыргыз мамлекеттик дене тарбиясы жана спорт академиясын экөөсүнүн баш ийүүсүнө - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана, илим министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Дене тарбиясы жана спорт мамлекеттик агенттигинин карамагына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени карасын;
-Каракол жана Чолпон-Ата шаарларындагы ат майданын, ошондой эле Чолпон-Ата шаарындагы № 54 жылкы заводун Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Дене тарбиясы жана спорт мамлекеттик агенттигине баш ийген Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүүнүн республикалык борборунун карамагына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени карасын;
-Бишкек шаарынын 7-кичи районунун 12/1 дарегинде жайгашкан дене тарбия-ден соолукту чындоо комплексин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Дене тарбиясы жана спорт мамлекеттик агенттигинин карамагына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени карасын;
-дене тарбиясы жана спорт объекттерин курууга жана капиталдык ремонттоого республикалык бюджеттен каржылоону көбөйтүүнү карасын;
-келерки жылга республикалык бюджеттин долбоору киргизилгенге чейин дене тарбиясы жана спорт объекттерин куруунун жана капиталдык ремонттоонун бекитилген планын жыл сайын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
- ар түрдүү спорттук иш-чараларда Кыргыз Республикасынын атынан чыккан спортчуларды колдоо үчүн резервдик фонд (эсеп) ачуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени карасын;
-дене тарбиясы жана спорт тармагын кесипкөй медициналык кадрлар менен камсыз кылуу боюнча маселени чечсин;
-2014-жылдын аягына чейин дене тарбиясына даярдоонун областтык балдар-өспүрүмдөр клубунун базасында Ош шаарындагы спорттук мектеп-интернаттын курулушун аяктасын.
-спорттук базаларды куруу жана ремонттоо үчүн инвестицияларды тартуу боюнча чараларды көрсүн, мамлекеттик-менчик өнөктөштүктүн принциптерин киргизсин;
-спортчулар жана спорттук-массалык иш-чаралардын катышуучулары учун тамактандыруунун акчалай ченемдерин көбөйтүү боюнча чараларды кабыл алсын жана "Социалдык чөйрөдөгү мекемелерде тамактандыруунун акчалай ченемдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 токтомуна тиешелүү өзгөртүү киргизсин;
- эл аралык стандартка ылайык К.Кожомкул атындагы Спорт сарайынын материалдык-техникалык базасын жана башка шарттарын жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзсүн.
-менчиктештирилген мамлекеттик спорт объектилеринин мыйзамдуулугун текшерсин;
- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен бирдикте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен менчиктештирилген дене тарбиясы жана спорттун спорттук объекттерин кайтарып алуу боюнча айкын чараларды көрсүн;
К.Кожомкул атындагы Спорт сарайынын түндүк жана түштүк тараптарында 2 көп кабаттуу турак жай уйөрүн куруу үчүн жер участкасын берүүнүн мыйзамдуулугун текшерсин.
4. Бишкек шаарынын мэриясы "Дельфин" бассейининин капиталдык ремонтун аяктасын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын конторлдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине (К. Осмоналиев) жуктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков |