Редакцияот 10.04.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2009-жылдын 10-апрели № 1111-IV

"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2009-жылдын 15-январындагы № 13 токтом) "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жер-агрардык маселелер жана экология боюнча комитети (Ж.А.Жээнбеков), ошондой эле Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча комитети (Л.Ч.Сыдыкова) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төрага

А.Тагаев