КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 30-апрели № 1139-IV
"Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол
коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын"
ачык акционердик коому, "Центерра Голд Инк." канадалык
компаниясы, "Күмтөр Опперейтинг Компани" жабык акционердик
коому, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому жана
"Камеко" канадалык корпорациясынын ортосундагы "Кумтөр"
долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууну
ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2009-жылдын 24-апрелиндеги № 254 токтом) "Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому, "Центерра Голд Инк." канадалык компаниясы, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коому, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому жана "Камеко" канадалык корпорациясынын ортосундагы "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | А.Тагаев
|