Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 30-апрели № 1141-IV
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун, канадалык "Центерра Голд Инк." компаниясынын, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун, "Күмтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун жана канадалык "Камеко" корпорациясынын ортосунда 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө Макулдашууну карап чыгып, ошондой эле аны дыкан жана калыс иликтеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине төмөнкү маалыматтарды берүү:
а) 2009 жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө "Кумтөр" долбоору боюнча "Камеко Корпорейшн" компаниясынан Кыргыз Республикасынын пайдасына алынган 25300000 даана өлчөмүндөгү жөнөкөй акциялар жана 18232615 даана өлчөмдөгү кошумча чыгарылган жөнөкөй акциялар жөнүндө;
б) квартал сайын 2008-жыл үчүн 13 пайыз өлчөмүндө топтоштурулган салык түрүндөгү акчалай каражаттар, Ысык-Көл областынын Социалдык өнүгүү фондуна дүң кирешенин 1 пайызынын өлчөмүндөгү төгүм ошондой эле салыктардын жана бажы алымдарынын түрлөрү боюнча алардын бөлүштүрүлүшү тууралу;
в) 2010-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө, андан ары жыл сайын 4 пайыз өлчөмүндө минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүүгө чегерүүлөр жөнүндө;
г) 2009-жылдын 1-январынан тартып 2009-жыл үчүн, андан ары - жыл сайын жүзөгө ашырылууга тийиш болгон айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн 310000 АКШ доллары өлчөмүндөгү белгиленген төлөмдүн келип түшүшү тууралу;
2) "Кумтөр'" кени боюнча концессияга кирбеген жаңы кен чыккан жерлерге "Кумтөр Голд Компани" жана "Кумтөр Оперейтинг компани" компаниялары менен долбоорлоо-сметалык документтердин максатка ылайыктуулугун, наркын жана андан ары биргелешип бекитүүнү эске алуу менен Геологиялык чалгындоолорду жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону иштеп чыгуу.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Финансылык полиция кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелиндеги № 254 токтомуна ылайык 2009-жылдагы макулдашуу түзүлгөнгө чейин "Кумтөр" долбоору боюнча иштин жүрүшүндө 1992-жылдан тартып мурдагы макулдашууларды түзүүгө тиешеси болуу менен мыйзамсыз аракеттерди жасоого күнөөлүү Кыргыз Республикасынын жарандарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени карасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары К.С.Исабековго жүктөлсүн.
Төрага | А.Тагаев
|