ТоктомКүчүндө

КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 1-июнундагы № 633-VI «Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын 2015-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчёту тууралуу» токтому

Редакция01.06.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 1-июну № 633-VI

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын 2015-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчёту тууралуу

"Кыргыз Республикасынын коомдук телерадио берүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын 2015-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчётун карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын 2015-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчёту эске алынсын (тиркелет).

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2016-жылы республиканын бардык аймактарын санариптик телеберүүгө толук өткөрүү үчүн чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши:

- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын иши жөнүндө ар жылдык отчётту даярдоону Мыйзамдын талаптарына ылайык жүзөгө ашырсын;

- КТРканын ишин жакшыртууга, телерадио берүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган сунуштарга, сын-пикирлерге, кайрылууларга өзгөчө көңүл бурсун;

- кабыл алынган чечимдерди контролдоону күчөтсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетиңе (С.Шер-Нияз) жүктөлсүн.

 

Төрага

Ч. Турсунбеков