Загрузка документа…
Өкмөт Үйү, 2000-жылдын 9-ноябры № 659
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдарынын иштерин координациялоо жана ишмердиктерин жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө Жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдарын дайындоодо ушул Жобого таянсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине тапшырылсын.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
|