Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майындагы № 217, 2016-жылдын 14-июнундагы № 315, 2018-жылдын 23-майындагы № 250, 2019-жылдын 10-январындагы № 8, 2019-жылдын 30-майындагы № 256, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 170, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 824 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I БӨЛҮМ. Кыргыз Республикасынын ардактуу консулунун милдеттери жана анын иш-аракеттерин уюштуруу II БӨЛҮМ. Граждандарга жана юридикалык жактарга карата Кыргыз Республикасынын ардактуу консулунун милдеттери V БӨЛҮМ. Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын ардактуу консулунун милдеттери I глава. Жалпы жоболор II глава. Ардактуу консулду дайындоо тартиби жана анын иш-аракеттерин токтотуу III глава. Ардактуу консулдун өз милдеттерин аткаруусунун тартиби IV глава. Жалпы жоболор V глава. Камкордукка жана багууга карата ардактуу консулдун милдеттери VI глава. Кыргыз Республикасынын граждандарынын мүлкүнө карата ардактуу консулдун милдеттери VII глава. Кыргыз Республикасынын дайынсыз жоголгон, камакка алынган, кармалган, башкача түрдө эркинен ажыратылган же жазасын өтөп жаткан граждандарына карата ардактуу консулдун милдеттери VIII глава. Документтерди суроо маселелери боюнча ардактуу консулдун милдеттери IХ глава. Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар Х глава. Кыргыз Республикасынын деңиз жана аба кемелерине карата ардактуу консулдун милдеттери ХI глава. Кыргыз Республикасынын автомобиль жана темир жол транспортуна жана дарыя флотунун кемелерине карата ардактуу консулдун милдеттери XII глава. Санитардык сактоо боюнча ардактуу консулдун милдеттери XIII глава. Фитосанитардык жана ветеринардык сактоо боюнча ардактуу консулдун милдеттери ХIV глава. Кыргыз Республикасынын ардактуу консулунун финансылык отчет берүү тартиби
Бул Жободо берилген терминдер төмөнкү маанилерге ээ:
1. Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдугу Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жетектеген мекемени билдирет. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 170 токтомунун редакциясына ылайык) 2. Консулдук чөлкөм - консулдук милдеттерди аткаруу үчүн консулдук мекемеге бөлүп берилген район. 3. Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу - келген мамлекеттин аймагында Кыргыз Республикасынын атынан белгиленген консулдук милдеттерди аткаруу иши тапшырылган бардык штаттык эмес консулдук кызматчы адам. 4. Консулдук жайлар консулдук мекемелердин максаттары үчүн гана колдонулуп жаткан имараттарды же имараттардын бир бөлүгүн жана бул имараттарды же имараттардын бир бөлүгүн тейлеген жер участогун билдирет. 5. Консулдук архивдер консулдук мекеменин бардык иш-кагаздарын, документтерин, корреспонденциясын, фильмдерин, үн жазып алуу ленталарын жана реестрлерин, анын ичинде аларды сактоо же коргоо үчүн колдонулган жана консулдук мекеменин кызматтык иш-аракеттерине тийиштүү картотекаларды жана бардык жайгаштыруу буюмдарын билдирет.
I БӨЛҮМ Кыргыз Республикасынын ардактуу консулунун милдеттери жана анын иш-аракеттерин уюштуруу
I глава Жалпы жоболор
1.1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзү турган мамлекеттин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдарына айрым консулдук милдеттерди аткарууну тапшырат. 1.2. Кыргыз Республикасынын гражданы жана ошондой эле жашап турган мамлекетте коомдук көрүнүктүү орунду ээлеген жана керектүү инсандык сапаттарга ээ болгон жана өзүнө берилген консулдук милдеттерди тийшптүү түрдө аткара ала турган чет мамлекеттин гражданы да ардактуу консул боло алат. 1.3. Төмөндөгү адамдар ардактуу консул боло алышат: - акыркы үч жылдын ичинде келген мамлекеттин аймагында туруктуу жашагандар; - Кыргыз Республикасынын шайлоо органдарына шайланбаган, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же муниципалдык кызматчысы болуп саналбагандар; - кылмыш полициясынын эл аралык уюмунун (Интерпол) жана турган мамлекеттин укук коргоо органдарынын иликтөө материалдарынын фигуранты болуп саналбагандар; - 25 жаштан 75 жашка чейинки курактагылар. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри же анын ордун алмаштыруучу адам ардактуу консул болуп дайындалууга талапкер ар бир кандидат менен жеке маектешет. Ардактуу консулду дайындоого сунушталган адамды тандоодо жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндө иш тажрыйбасы, Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестициялык салымы, Кыргыз Республикасына кайрымдуулук жардам көрсөткөнү жана Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги диаспора уюмдарындагы жигердүүлүгү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдугунун толук иштөөсү үчүн кеңселик жайынын болушу эске алынат (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 315, 2019-жылдын 10-январындагы № 8, 2019-жылдын 30-майындагы № 256, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 170, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 824 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 1.4. Ардактуу консул өзүнүн консулдук чөлкөмүндө Кыргыз Республикасынын, анын граждандарынын жана юридикалык жактарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргойт. Ардактуу консул өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасы менен өзү турган мамлекеттин достук карым-катнаштарын өнүктүрүүгө, соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө, туризмди өркүндөтүүгө, Кыргыз Республикасы менен өзү турган мамлекеттин ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы шериктик мамилелерди өнүктүрүүгө жардам берет, зркин экономикалык аймактар, фонддор жана ишкердүүлүк структуралары менен кызматташууну жөнгө салат. Бизнес-семинарларды, окуу мониторингдерин уюштурат жана жардам берет. Кыргыз Республикасынын расмий делегацияларынын өзү турган мамлекетке жасаган иш-сапарларын, Кыргыз Республикасынын жана өзү турган мамлекеттин маданият күндөрүн жана чыгармачыл жамааттардын ортосунда жолугушууларды уюштурууга жана өткөрүүгө жардам берет. (Үчүнчү абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 824 токтомуна ылайык күчүн жоготту) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 824 токтомунун редакциясына ылайык) 1.41 Ардактуу консул Кыргыз Республикасы менен өзү турган өлкөнүн ортосундагы экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө активдүү катышат: - инвестициялык форумдарды уюштуруу, ишкердик миссияларын өткөрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтарды жайылтуу жолу менен Кыргыз Республикасынын экономикасынын ар кандай тармактарына чет өлкөлүк инвесторлорду тартат; - Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарына келишимдерди түзүүгө, соода каналдарын жана логистиканы өнүктүрүүгө, өзү турган өлкөдө ишкер өнөктөштөрдү издөөгө, соода жана инвестициялык тоскоолдуктарды жеңүүгө, ошондой эле алардын кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтөт; - өзү турган өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнө талдоо жүргүзөт жана даярдайт, алардын Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн мүмкүн болуучу кесепеттерин болжолдойт; - Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарына өзү турган өлкөдө товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо жана илгерилетүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат жана консультация берет. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 824 токтомунун редакциясына ылайык) 1.42 Ардактуу консул өзүнүн милдеттерин натыйжалуу жүзөгө ашыруу жана Кыргыз Республикасынын ардактуу консулунун иши жөнүндө маалыматка жетүүнү камсыздоо максатында, ошондой эле жарандардын жана юридикалык жактардын ыңгайлуулугун камсыз кылуу үчүн расмий интернет-баракчага же веб-сайтка ээ болушу керек. Расмий интернет-баракча же веб-сайт аркылуу мамлекеттик жана расмий тилдерде байланыш маалыматтары, иштөө режими, ардактуу консул өткөргөн иш-чаралар тууралуу маалыматтар, анын ишине байланыштуу расмий билдирүүлөр жана жаңылыктар, ошондой эле экономика, бажы, паспорттук-визалык саясат, чек ара жана башка маселелер (өзү турган/аккредитацияланган өлкөнүн) жаатындагы маалыматтык-аналитикалык жана мыйзамдык база берилет. Көрсөтүлгөн веб-сайттын мазмунун жалпы координациялоо, анын ичинде маалыматтын актуалдуулугун жана шайкештигин камсыздоо Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан, ал эми алар жок учурда - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 824 токтомунун редакциясына ылайык) 1.5. Ардактуу консул өз иш-аракеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине, эл аралык укуктун жалпы таанылган нормалары менен принциптерине, өзү турган мамлекеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Консулдук мамилелер тууралуу Вена Конвенциясынын Жоболоруна, ошондой эле бул Жобого ылайык аткарат. 1.6. Ардактуу консул Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине карайт жана өзү турган мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин, ал эми алар жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин же анын тапшыруусу боюнча жакынкы мамлекеттеги кыргыз дипломаттык өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги астында өз милдеттерин аткарат. Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин буйругу боюнча ардактуу консул бул Жободо каралбаган, алардын аткарылышы Кыргыз Республикасынын жана өзү турган мамлекеттин мыйзамдарына каршы келбеген башка консулдук милдеттерди дагы аткара алат. Ардактуу консул жыл сайын алдыдагы календардык жылга Иш-чаралар планын иштеп чыгат, ал Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан, ал эми алар жок учурда - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан бекитилүүгө тийиш. Ардактуу консул Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана өзү турган өлкөнүн тиешелүү органдары менен оз ара аракеттенүү менен бекитилген Иш-чаралар планын ишке ашырууну камсыз кылат. Бекитилген Иш-чаралар планын натыйжалуу аткаруу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине, алар жок учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жүктөлөт. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 824 токтомунун редакциясына ылайык) 1.7. Ардактуу консулдардын институту төмөндөгүдөй даражаларга бөлүнөт: а) ардактуу башкы консул; б) ардактуу консул; в) ардактуу вице-консул; г) ардактуу консулдук агент. Ардактуу консул кызматында олуттуу ийгиликтерге жетишсе жана өзгөчө эмгек сиңирсе, кызматта 1 жылдан кем эмес иш стажысы болсо, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин түздөн-түз жетекчилиги менен өзүнүн ишин жүргүзүп жаткан жогорудагы мекемелердин же андай болбосо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин корутундусу менен тастыкталган Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ишке ашырууда катышуусунун натыйжалуулугун, Кыргыз Республикасы менен аккредиттеген мамлекеттин ортосундагы эки тараптуу мамилелердин деңгээлин, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселесин чечүүдө ардактуу консулдун активдүүлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын ардактуу башкы консулу деген класс ыйгарылышы мүмкүн. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 315, 2019-жылдын 30-майындагы № 256 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 1.8. Ардактуу консулдун резиденциясынын жана канцеляриясынын жайгашкан орду, анын консулдук чөлкөмү өзү турган мамлекет менен макулдашуу боюнча аныкталат. 1.9. Ардактуу консул төмөндөгүдөй тийиштүү консулдук реквизитке ээ: - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу; - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тартылган консулдук көрнөк. Аталган консулдук реквизиттер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчиги болуп саналат. Ардактуу консул аны сактоо жана ага кол тийбестик чараларын камсыз кылат. 1.10. Ардактуу консул төмөнкүлөргө укуктуу: - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун өзү ээлеген имараттарга же резиденциясы ээлеген аймакка, ошондой эле консулдук милдеттерди аткарууга байланышкан учурларда өзүнүн унааларына тагууга; - өзү ээлеген имараттарга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тартылган жана консулдук мекеменин аталышы кыргыз тилинде жана өзү турган мамлекеттин тилинде (тилдеринде) жазылган консулдук көрнөктү илүүгө. Ушул пунктта көрсөтүлгөн укуктарды аткарууда Кыргыз Республикасынын жана өзү турган мамлекеттин мыйзамдары көңүлгө алынууга тийиш. 1.11. Ардактуу консул жетектеген консулдук мекеменин канцеляриялык иштери анын кызматтык иштерине катышы жок болгон иш кагаздарын жүргүзүүдөн бөлөк жасалат жана алардын аралаш же бирге жүргүзүлүшүнө жол берилбейт.
II глава Ардактуу консулду дайындоо тартиби жана анын иш-аракеттерин токтотуу
2.1. Ардактуу консул Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин сунушу боюнча чет өлкөлүк элчиликтердин же тышкы иштер министрликтеринин кайрылуусунун, ошондой эле жеке кайрылуулардын жана турган мамлекеттин бийлигинин макулдугунун негизинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри же аны алмаштыруучу адам тарабынан дайындалат. Ардактуу консулдукка дайындоого сунушталган адам үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кароого төмөндөгү документтер тапшырылат: - тигил же бул чет өлкөдө Кыргыз Республикасынын ардактуу консулунун кызмат ордуна дайындоо тууралуу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин өтүнүчү (сунуштама түрүндө). Эгерде чет өлкөдө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси жок болсо, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине талапкердин тигил же бул чет өлкөдө Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу кызмат ордуна дайындалууга болгон каалоосун негиздөө менен талапкердин жеке кайрылуусу (арыз түрүндө) тапшырылат; - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгилеген үлгүдөгү анкета, аны талапкер өз колу менен толтуруп жана кол коёт; - тапшырылган консулдук функцияларды жана зарыл болгон учурда, анын ичинде ардактуу консулдун кеңсесинин ишине тартылган Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматкерлерин жана башка жумушчуларын каржылоо боюнча функцияларды кынтыксыз аткарууга даярдыгын ырастаган, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан белгиленген үлгүдөгү жазуу жүзүндөгү милдеттенме, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ардактуу консулунун милдеттерин аткаргандыгы үчүн эмгек акы же башка сыйлык алуудан баш тартуу; - паспорттордун бардык түрлөрүнүн түстүү көчүрмөсү (бардык беттери жөнөтүлөт); - (Жетинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 824 токтомуна ылайык күчүн жоготту) - өмүр баянын даярдоо учурундагы ээлеген кызматын көрсөтүү менен жалпы эмгек ишмердиги жазылган өмүр баян (басылган текст); - өзү турган мамлекеттин мамлекеттик органынан ардактуу консул кылып дайындоого сунушталган адамдын бийик моралдык принциптеринин жана кадыр-баркынын болушу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен пикир-сунуштама; - билими тууралуу документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү; - (Он биринчи абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 824 токтомуна ылайык күчүн жоготту) - (Он экинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 824 токтомуна ылайык күчүн жоготту) - соттолбогондугу тууралуу маалымкат (эгерде талапкер Кыргыз Республикасынын жараны болсо, анда аларга Кыргыз Республикасынын жана турган мамлекеттин компетенттүү мекемелеринен, эгер талапкер чет мамлекеттин жараны болсо, анда аларга турган мамлекеттин компетенттүү органы берип жана легалдаштырылган же апостил коюлган маалымкат берилет); - жеке менчигиндеги же ижара шартындагы, ардактуу консулдуктун толук иштөөсү үчүн тийиштүү шарттарга ээ кеңселик жайы бар экенин тастыктоочу, ал жайгашкан калктуу пункт жана так дареги көрсөтүлгөн документтер. Чет тилде таризделген документтер мамлекеттик же расмий тилдерге которулуп, нотариуста күбөлөндүрүлгөн түрдө өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан кошумча маалымат суралышы мүмкүн. (Он жетинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 170 токтомуна ылайык күчүн жоготту) (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 315, 2019-жылдын 30-майындагы № 256, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 170, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 824 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 2.2. Ардактуу консул дайындалгандан кийин патент алат, мындай патентте анын укуктары күбөлөндүрүлөт жана толук ат-жөнү, граждандыгы, келип чыккан теги, консулдук чөлкөмү жана консулдук мекемесенин жайгашкан орду көрсөтүлөт. Ардактуу консулдун консулдук патентине Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри же анын ордундагы башка адам кол коет. Консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн ардактуу консулдун кеңсесине Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматкерлери жана башка жумушчулары жөнөтүлүшү мүмкүн. Ардактуу консул бул функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү, материалдык-техникалык базаны камсыздоо жана күндөлүк чыгымдарды каржылоо үчүн жооптуу. Ардактуу консулдардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү алардын консулдук иши жөнүндө маалыматты кароонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктарын кийин ар бир беш жылдык мезгилдерге узартуу мүмкүнчүлүгү менен 5 жылдан ашпоого тийиш. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майындагы № 217, 2016-жылдын 14-июнундагы № 315, 2019-жылдын 10-январындагы № 8, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 824 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 2.3. Ардактуу консул келген мамлекеттин макулдугун (экзекватурасын) алгандан кийин өз милдеттерин аткара баштайт. Ардактуу консул түздөн-түз анын жетекчилигинин астында иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси бул ардактуу консулга экзекватуранын же анын ордундагы башка документтин берилген күнү, анын кызмат ордуна келген күнү тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине билдирет. 2.4. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 10-январындагы № 8 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 2.5. Эгерде ардактуу консул кандайдыр-бир себептер менен өз милдеттерин убактылуу аткара албаса, анын милдеттерин Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси өзү турган мамлекеттин макулдугу менен бул мамлекеттин аймагындагы башка консулдук чөлкөмдө иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын ардактуу консулуна тапшыра алат. Ардактуу консул консулдук чөлкөмдө убактылуу жок болгон бардык учурда Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине бул тууралуу өз убактысында кабарлайт. 2.6. Ардактуу консул Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри же анын ордундагы башка адам тарабынан милдеттеринен бошотулат. Ардактуу консул өз милдеттерин аткарууну төмөнкү учурларда токтотот: а) келген мамлекеттин бийликтери Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин башчысына ардактуу консул өз иш-аракеттерин токтотоору жана анын патенти алынып ташталгандыгы тууралуу билдириши боюнча; б) Тышкы иштер министрлигинин чечими боюнча же болбосо өз милдеттерин алардан түздөн-түз жетекчилигинин астында жүргүзүп жаткан Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине себептерин толук билдирип жөнөткөн ардактуу консулдун жеке өтүнүч каты боюнча. в) түздөн-түз жетекчилигинин астында иштеген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү менен же консулдук мекемеси менен, же булар болбосо - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен кандайдыр бир формадагы өз ара аракеттер жана маалымат алмашуулар үч айлык убакытка чейин болбогон учурда. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 315, 2019-жылдын 30-майындагы № 256 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 2.7. Постко дайындалган жана посттон кеткен учурларда ардактуу консул консулдук реквизитти, архивди жана башка консулдук кызмат буюмдарын түздөн-түз жетекчилигинин астында иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүнөн же консулдук мекемесинен же болбосо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен акт боюнча кабыл алат жана өткөрүп берет. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 824 токтомунун редакциясына ылайык) 2.8. Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин башчысы ардактуу консулдун өз милдеттерин аткарууну токтоткондугу тууралуу келген мамлекеттин бийликтерине кабарлайт (ардактуу консул келген мамлекетте кыргыздын чет өлкөлүк өкүлчүлүгү жок болгон учурда билдирүү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жасалат) жана бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине билдирет.
III глава Ардактуу консулдун өз милдеттерин аткаруусунун тартиби
3.1. Ардактуу консул өзүнө тапшырылган милдеттерди өзү аткарат. 3.2. Ардактуу консул өзүнүн консулдук иш-аракеттерине тийиштүү маселелер бшонча өзү турган мамлекеттин консулдук чөлкөмдөгү бийликтерине кайрыла алат. 3.3. Ардактуу консул өзүнүн консулдук милдеттерин аткаруу үчүн консулдук чөлкөмдүн тышында жайгашкан кыргыз жана чет мамлекеттик уюмдар, ошондой эле жеке адамдар менен жетекчилигинин астында иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси аркылуу гана, ал эми алар жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу байланышып турат. 3.4. Ардактуу консул Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин жардамы менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин колдонулуп жаткан нускамаларына ылайык иш-кагаздарын жүргүзүүнү жана консулдук архивди сактоону уюштурат, анын сакталышын жана коопсуздугун камсыз кылат. 3.5. Ардактуу консул зарыл болгон консулдук реквизиттерге ээ болууга тийиш. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 824 токтомунун редакциясына ылайык) 3.6. Ардактуу консул коммерциялык жана профессионалдык ишкердүүлүк менен иштей алат. 3.7. Ардактуу консулдун иш-аракеттерине карата нааразылыктар келген мамлекеттеги Кыргыз РеспубликасьШын дипломаттык өкүлчү лүгү же консулдук мекемеси, ал эми алар жок болгон учурда түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу тийиштүүлүк иретинде каралат.
II БӨЛҮМ Граждандарга жана юридикалык жактарга карата Кыргыз Республикасынын ардактуу консулунун милдеттери IV глава Жалпы жоболор
4.1. Ардактуу консул өзү жетекчилигинин астыңда иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси менен өз ара байланышта, ал эми алар жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигинин астында Кыргыз Республикасынын граждандарынын жана юридикалык жактарынын укуктары менен мыйзамга ылайык кызыкчылыктарын коргойт, Кыргыз Республикасынын граждандары менен юридикалык жактары келген мамлекеттин мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасы менен келген мамлекет алардын катышуучулары болгон эл аралык келишимдер тарабьгаан аларга берилген бардык укуктарды, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган нормаларын жана принциптерин толук өлчөмдө пайдаланышы үчүн чара колдонот. 4.2. Кыргыз Республикасынын ардактуу консулунун консулдук чөлкөмүндөгү Кыргыз Республикасынын граждандарынын жана юридикалык жактарынын арыз каттары боюнча ардактуу консул алардын бузулган укуктары менен кызыкчылыктарын калыбына келтирүү үчүн бардык зарыл чараларды колдонот. 4.3. Ардактуу консул консулдук чөлкөмдүн бийликтерине кайрылгандан кийин Кыргыз Республикасынын граждандарынын жана юридикалык жактардын бузулган укуктары менен кызыкчылыктары калыбына келбесе, анда ал өзү анын түздөн-түз жетекчилигинин астында иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин башчысына, ал эми алар жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине иштин абалы тууралуу кабарлайт. 4.4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 824 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 4.5. Ардактуу консул өзүнүн консулдук чөлкөмүндөгү Кыргыз Республикасынын граждандарын келген мамлекеттин мыйзамдары, тартиптери жана каада-салттары менен тааныштырат. 4.6. Ардактуу консул келген мамлекеттин аймагындагы кыргыз аскерлеринин жана граждандарынын мүрзөлөрүн, алардын үстүнө орнотулган эстеликтерди, эскерүү белгилерин жана мемориалдык курулуштарын сактоо жана жашылдандыруу иш-чараларына катышат. 4.7. Эгерде Кыргыз Республикасынын граждандары өздөрү жок болсо жана ишти алып барууну башка бир адамга тапшырбаса же болбосо башка себептер менен өз кызыкчылыктарын коргой албаса, ардактуу консул Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси, ал эми алар жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашып, келген мамлекеттин мекемелеринде алардын кызыкчылыктарын коргой алат. Жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын граждандары өздөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындамайынча, өз укуктары менен кызыкчылыктарын өздөрү коргомойунча же болбосо ардактуу консулдун алардын кызыкчылыктарын коргошунан баш тартмайынча ардактуу консул алардын кызыкчылыктарын коргоо ишин уланта берет.
V глава Камкордукка жана багууга карата ардактуу консулдун милдеттери
5.1. Ардактуу консул Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси менен, мындай жок учурда - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча, эгерде бул өзү турган мамлекеттин мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде тыюу салынбаса, анын консулдук округунда жүргөн ата-эненин камкордугусуз калган Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандарына камкордук жана көзөмөлдүк белгилөөдө компетенттүү органдарга көмөк көрсөтөт жана ар тараптуу жардам көрсөтөт, ошондой эле алардын жеке жана мүлктүк укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого жардам берет. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 824 токтомунун редакциясына ылайык) 5.2. Ардактуу консул эгерде бул өзү турган мамлекеттин мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде тыюу салынбаса, аракетке жөндөмсүз же жарым-жартылай аракетке жөндөмсүз Кыргыз Республикасынын жашы жеткен жарандарына, ошондой эле ден соолугуна байланыштуу өз укуктарын өз алдынча жүзөгө ашыра албаган жана милдеттерин аткара албаган аракетке жөндөмдүү жашы жеткен жарандарына камкордук же көзөмөлчүлүк белгилөөдө компетенттүү органдарга көмөк көрсөтөт жана ар тараптуу жардам көрсөтөт. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 824 токтомунун редакциясына ылайык)
VI глава Кыргыз Республикасынын граждандарынын мүлкүнө карата ардактуу консулдун милдеттери
6.1. Кыргыз Республикасында жашап жаткан Кыргызстан граждандарынын пайдасына табылган мурас тууралуу кабар алган ардактуу консул алардын жашаган же иштеген жери ага белгилүү болгон мураскорлорго бул жөнүндө кабарлайт. Эгерде ардактуу консул мындай маалыматтарга ээ болбосо, мурас жана анын мураскорлору тууралуу өзүнө маалым болгон бардык фактылар жөнүндө ал алардын түздөн-түз жетекчилигинин астында иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине, ал эми алар жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кечиктирбестен билдирет. 6.2. Эгерде бул келген мамлекеттин мыйзамдарына каршы келбесе, ардактуу консул мурастык мүлктү алууга жана аны Кыргыз Республикасындагы мураскорлорго өткөрүп берүүгө жардам берет. 6.3. Кыргыз Республикасынын гражданы дүйнөдөн кайткан учурда ардактуу консул бул тууралуу Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине, ал эми мындайлар жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кечиктирбестен кабарлайт жана аны менен макулдашып, Кыргыз Республикасынын гражданы дүйнөдөн кайткандан кийин анын мүлкүн сактоо боюнча же болбосо эгерде бул мүлк толугу менен же анын бир бөлүгү бузулган болсо, аны сатуу боюнча чара колдонот. Мындан түшкөн акча тийиштүүлүгү боюнча берилет. 6.4. Ардактуу консул Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси, ал эми алар жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашып, Кыргыз Республикасынын граждандарына тийиштүү болгон акчаларды, баалуу буюмдарды, баалуу кагаздарды жана документтерди сактоого кабыл алат. 6.5. Ардактуу консул чет элдик граждандардын жана уюмдардын гуманитардык жардам беришине, ошондой эле акчаларды, баалуу буюмдарды жана мүлктү Кыргыз Республикасына, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарына жана граждандарына белек катары өткөрүп беришине көмөк көрсөтөт.
VII глава Кыргыз Республикасынын дайынсыз жоголгон, камакка алынган, кармалган, башкача түрдө эркинен ажыратылган же жазасын өтөп жаткан граждандарына карата ардактуу консулдун милдеттери
7.1. Ардактуу консул Кыргыз Республикасынын дайынсыз жоголгон граждандарын издеп-табууга жардам берүү өтүнүчү менен өзүнүн консулдук чөлкөмүнүн аймагындагы компетенттүү бийликтерге кайрылат. 7.2. Кыргыз Республикасынын граждандары камакка алынган, кармалган же башкача түрдө эркинен ажыратылган учурда ардактуу консул келген мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине, ал эми алар жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине бул тууралуу токтоосуз кабарлайт жана алардан алынган көрсөтмөгө ылайык иш жүргүзөт. 7.3. Ардактуу консул Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси, ал эми алар жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашып, консулдук чөлкөмдүн аймагындагы: - камакка алынган; - кылмыш ишин жасагандыгы шектелген; - эркиндиги чектелген башка чараларга кабылган; - эркинен ажыратуу түрүндө жазасын өтөп жаткан; - башка кылмыштык же административдик чараларга кабылган Кыргыз Республикасынын бардык граждандарына барууга милдеттүү. Кармалып турган учурунда ардактуу консул аны менен кат алышууга, ага юридикалык өкүл дайындоо чараларын көрүүгө, ошондой эле эгерде бул кармалган адам каршы болбосо, анын атынан чыгып сүйлөөгө милдеттүү. 7.4. Ардактуу консул Кыргыз Республикасынын кармалган, түрмөдө же камакта отурган гражданы менен бетме-бет жолугушкан учурда бул гражданга карата келген мамлекеттин мыйзамдары, Кыргыз Республикасы жана келген мамлекет алардын мүчөсү болгон эл аралык келишимдердин жоболору, ошондой эле жалпы таанылган ал аралык укуктун нормалары менен принциптери сакталып жаткандыгына ынанууга тийиш. Алар сакталбаган учурда ал Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине, ал эми алар жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине бул тууралуу тезинен кабарлайт.
VIII глава Документтерди суроо маселелери боюнча ардактуу консулдун милдеттери
(Глава Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 824 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
IХ глава Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар
(Глава Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 824 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
III БӨЛҮМ Х глава Кыргыз Республикасынын деңиз жана аба кемелерине карата ардактуу консулдун милдеттери
10.1. Ардактуу консул Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси, ал эми алар жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте өзүнүн консулдук чөлкөмүнүн ичинде жайгашкан келген мамлекеттин портторундагы, аймактык деңиздериндеги жана ички сууларындагы, аэродромдорундагы жана башка пункттарындагы Кыргыз Республикасынын деңиз жана аба күчтөрүнө жардам берет, келген мамлекеттин мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы жана келген мамлекет алардын мүчөсү болгон эл аралык келишимдерге ылайык укуктар менен иммунитеттер кыргыз кемелерине толугу менен берилишин көзөмөлдөйт. 10.2. Ардактуу консул Кыргыз Республикасынын кемелеринин капитандарына жана командирлерине келген жердин санитардык абалы, кеменин капитаны жана экипаж мүчөсү сактоого тийиш болгон порттогу тартиптер, жергиликтүү мыйзамдар жана эрежелер тууралуу маалымат берет, ошондой эле капитандар же командирлер келген мамлекеттин бийликтери менен өз ара байланышууда керек болгон бардык башка маалыматтарды билдирет. 10.3. Ардактуу консул Кыргыз Республикасынын келген кемесине бара алат жана зарыл учурда келген мамлекеттик кызмат адамдарына барууларда Кыргыз Республикасынын кемелеринин капитандарын же командирлерин коштоп жүрөт. 10.4. Ардактуу консул Кыргыз Республикасынын кемелеринин капитандарына же командирлерине келген мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси менен байланыш түзүүгө жардам берет. 10.5. Ардактуу консул Кыргыз Республикасынын кемелеринин капитандарынан же командирлеринен сүзүүдөгү же учуудагы шарттар тууралуу маалымат алат. Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесининин, ал эми алар жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тапшырмасы боюнча ал кеме экипажынын курамындагы өзгөрүүлөрдү кеме журналдарына киргизе алат. 10.6. Ардактуу консул төмөнкүлөргө укуктуу: а) Кыргыз Республикасынын кемесинин портко киришине же аэропортто конушуна, анда болушуна, андан чыгып же учуп кетишине жардам берүүгө; б) капитандар же командирлер менен Кыргыз Республикасынын кемелеринин зкипаж мүчөлөрүнүн, ошондой эле келген мамлекеттин жергиликтүү башка уюмдарынын жана фирмаларынын, полиция кызматкерлеринин, бажы жана башка бийликтеринин ортосунда пайда болгон чатактарды чечүүгө жардам берүүгө; в) кыргыз кемелерине тийиштүү бардык документтерди кабыл алууга жана алар тууралуу келген мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине билдирүүгө. 10.7. Зарыл учурда ардактуу консул Кыргыз Республикасынын деңиз жана аба кемелеринин экипаж мүчөлөрүн жана жүргүнчүлөрүн Кыргыз Республикасына дарыланууга жиберүүнү жана жөнөтүүнү уюштурат. Кыргыз Республикасынын катуу оорулуу гражданы - экипаж мүчөсү же Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттин туусу астындагы кеменин жүргүнчүсү келген мамлекеттин аймагында дарыланууга калтырылган учурда ардактуу консул дарылоонун жүрүшүн көзөмөлдөйт жана аны Кыргыз Республикасына жөнөтүүгө жардам берет. Кыргыз Республикасынын гражданы - экипаж мүчөсү же жүргүнчүсү дүйнөдөн кайткан учурда ардактуу консул өлгөн адамдын сөөгүн, анын документтерин жана жеке буюмдарын Кыргыз Республикасына жөнөтүү иш-чараларын жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине, ал эми алар жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жүргүзүлгөн иш-чаралар тууралуу тезинен кабарлайт. 10.8. Өзү анын өкүлү болгон мамлекеттин деңиз же аба кемеси кыйроого же кандайдыр-бир башка кырсыкка дуушар болсо, ошондой эле кемелерге же анын бортундагы адамдарга келген мамлекетте түздөн-түз коркунуч пайда болгон учурда ардактуу консул өзү түздөн-түз жетекчилигинин астында иштеп жаткан кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине, ал эми алар жок болгон учурда Кыргыз Республикасыньш 'Шшкы иштер министрлигине бул тууралуу тезинен билдирет жана жүргүнчүлөрдү, экипажды, кемени жана жүктү сактоо үчүн колунан келген бардык иш-чараларды жүргүзөт. Ардактуу консул Кыргыз Республикасынын кемелеринин капитандарына же командирлерине Кыргыз Республикасынын жабыр тарткан граждандарына медициналык жардам уюштурууга жана зарыл учурда аларды Кыргыз Республикасына жөнөтүүгө, деңиз ишиндеги каршылык билдирүү жөнүндө актыны жана башка документтерди жасоого жардам берет. 10.9. Ардактуу консул Кыргыз Республикасынын кемелеринин капитандарынын же командирлеринин өтүнүчү боюнча анда кеменин келүү жана кетүү убактысы, капитандын же командирдин ардактуу консулдун канцеляриясына келген күнү, багыт алган порту, жүргүнчүлөрдүн саны, ошондой эле жүктүн саны, түрү жана багыт алган жери көрсөтүлө турган күбөлүктөрдү берүүгө укуктуу. 10.10. Эгерде ардактуу консулда болгон маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасынын кемесинин кандайдыр-бир портко кириши кооптуу болсо же мүмкүн болбосо, ал бул тууралуу кеменин капитанына же командирине алдын-ала билдирет.
IV БӨЛҮМ ХI глава Кыргыз Республикасынын автомобиль жана темир жол транспортуна жана дарыя флотунун кемелерине карата ардактуу консулдун милдеттери
Кыргыз Республикасынын дарыя флотунун кемелерине, автомобиль жана темир жол транспорт каражаттарына карата консулдук милдеттерди аткарууда ардактуу консул ушул Жобонун III бөлүмүнүн көрсөтмөлөрүн колдонот.
V БӨЛҮМ Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын ардактуу консулунун милдеттери XII глава Санитардык сактоо боюнча ардактуу консулдун милдеттери
12.1. Карантиндик жана башка жугуштуу оорулар, өзгөчө тропикалык, СПИД жана башка оорулар мындай оорулар мурда болбогон жерлерде пайда болгон учурда ардактуу консул өзү түздөн-түз жетекчилигинин астында иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине, ал эми алар жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине оорунун түрүн, жуккан районун, канча ирет болгондугун жана жергиликтүү бийликтердин эпидемияга каршы жүргүзгөн иш-чараларын көрсөтүп, бул тууралуу тезинен кабарлайт. 12.2. Ардактуу консул өзү турган мамлекеттен Кыргыз Республикасына мыйзамга ылайык келе жаткан адамдарга Кыргыз Республикасына келээрдин алдында эмдөөлөр жөнүндө эл аралык сертификаттарды көрсөтүшү тууралуу зарыл болгон учурда кабарлайт.
XIII глава Фитосанитардык жана ветеринардык сактоо боюнча ардактуу консулдун милдеттери
Консулдук чөлкөмүнүн ичинде коркунучтуу оорулар же айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтери пайда болгон учурда, ошондой эле жаныбарлар менен канаттуулар жапырт ооруган же адамдар менен жаныбарлар үчүн жалпы оорулардын жайылуу коркунучу келип чыккан учурларда ардактуу консул өзү түздөн-түз жетекчилигинин астында иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине, ал эми алар жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине бул тууралуу тезинен кабарлайт.
ХIV глава Кыргыз Республикасынын ардактуу консулунун отчет берүү тартиби (Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 824 токтомунун редакциясына ылайык)
14.1. Ардактуу консул өзү түздөн-түз жетекчилиги астында иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине, ал жок учурда - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жылына эки жолу туруктуу негизде (6 айдан кийин жана 12 айдан кийин) консулдук иш тууралуу маалыматтарды берип турат. Берилген маалымат Кыргыз Республикасынын ардактуу консулунун бекитилген Иш-чаралар планына ылайык төмөнкүлөргө байланышкан маалыматтарды камтууга тийиш: консулдук округда турган Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук жардам көрсөтүүгө, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктары бузулган учурлар тууралуу (кармоо, камакка алуу, эмгек укуктарынын бузулушу жана башка окуялар), Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоо максатында өзү турган мамлекеттин бийлик органдары, бизнес коомдоштуктары, коомдук уюмдары менен болгон жолугушуулар, сүйлөшүүлөр жана өз ара аракеттенүүлөр, Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды тартуу боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу отчеттор, өзү турган өлкөдө иш жүргүзүп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына же юридикалык жактарга таасир тийгизиши мүмкүн болгон өзү турган мамлекеттин мыйзамдарындагы жаңылоолорго жана өзгөртүүлөрдү түшүндүрүүлөргө, маданий, билим берүү жана гуманитардык иш-чаралар, консулдук округга келген Кыргыз Республикасынын деңиз жана аба кемелеринин экипаждары тууралуу маалыматтар. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жарым жылдык жана жылдык отчетунда ардактуу консулдун иши тууралуу отчет берет. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 824 токтомунун редакциясына ылайык) 14.2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 824 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|