Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-июну № 769-VI
"2016-жылдын 18-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен көп тараптуу трасттык фонддун администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу" долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 9-июнундагы № 309 токтому) "2016-жылдын 18-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен көп тараптуу трасттык фонддун администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу" долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | Ч. Турсунбеков |