Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 9-июну № 309
2016-жылдын 18-мартында Бишкек шаарында кол коюлган "Кыргыз Республикасы менен "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу" долбоору боюнча көп тараптуу трасттык фонддун администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2016-жылдын 18-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу" долбоору боюнча көп тараптуу трасттык фонддун администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2016-жылдын 18-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен көп тараптуу трасттык фонддун администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 18-мартында Бишкек шаарында кол коюлган "Кыргыз Республикасы менен "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу" долбоору боюнча көп тараптуу трасттык фонддун администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2016-жылдын 18-мартында Бишкек шаарында кол коюлган "Кыргыз Республикасы менен "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу" долбоору боюнча көп тараптуу трасттык фонддун администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти