Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-июну № 755-VI
"2015-жылдын 16-октябрында Казакстан Республикасынын Бурабай айылында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин аймактарында биргелешкен тергөө-ыкчам топторун түзүүнүн жана ишинин тартиби тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 17-майындагы № 260 токтому) "2015-жылдын 16-октябрында Казакстан Республикасынын Бурабай айылында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин аймактарында биргелешкен тергөө-ыкчам топторун түзүүнүн жана ишинин тартиби тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | Ч. Турсунбеков |