Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-майы № 260
"2015-жылдын 16-октябрында Казакстан Республикасынын Бурабай айылында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин аймактарында биргелешкен ыкчам-тергөө топторду түзүүнүн тартиби жана алардын иши тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" 'Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "2015-жылдын 16-октябрында Казакстан Республикасынын Бурабай айылында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин аймактарында биргелешкен ыкчам-тергөө топторду түзүүнүн тартиби жана алардын иши тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2015-жылдын 16-октябрында Казакстан Республикасынын Бурабай айылында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин аймактарында биргелешкен ыкчам-тергөө топторду түзүүнүн тартиби жана алардын иши тууралуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 16-октябрында Казакстан Республикасынын Бурабай айылында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин аймактарында биргелешкен ыкчам-тергөө топторду түзүүнүн тартиби жана алардын иши тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2015-жылдын 16-октябрында Казакстан Республикасынын Бурабай айылында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин аймактарында биргелешкен ыкчам-тергөө топторду түзүүнүн тартиби жана алардын иши тууралуу макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы тууралуу депозитарий болуп саналган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|