Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-июну № 772-VI
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кызматтык турак үйү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын) күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө.Т.Бабанов, Р.А.Казакбаев, Т.Т.Мамытов, А.Т.Абжалиев, А.Алтынбеков, Э.Ж.Байбакпаев, К.Ш.Баймуратов, К.С.Бокоев, А.Ж.Жамангулов, М.К.Жеенчороев, Жунус уулу Адыл, К.Т.Зулушев, Ф.А.Иминов, Д.Ш.Исаева, А.Ж.Исмаилова, У.Т.Кыдыралиев, М.Э.Мавлянова, Н.Н.Нишанов, А.С.Өмүрбекова, Б.К.Райымкулов, М.Э.Сабиров, Б.У.Сыдыков, Т.Г.Тиллаев, П.Р.Түлөндүбаев, P.M.Туманбаева, Ж.К.Турускулов жана У.С.Чолпонбаев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кызматтык турак үйү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын) күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн аларды негиздөө менен 10 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|