Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июну № 825-VI
5-мартты жыл сайын белгиленүүчү Ак калпак жана улуттук кийим күнү деп белгилөө жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 1802-VI токтомунун редакциясына ылайык)
2016-жылды тарых жана маданият жылы деп жарыялоого байланыштуу жана кыргыз элинин улуттук баш кийиминин жана улуттук кийиминин маанилүүлүгүн сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
(КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 1802-VI токтомунун редакциясына ылайык)
1. 5-март жыл сайын Ак калпак жана улуттук кийим күнү деп белгиленсин.
(КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 1802-VI токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
2) телерадио берүүлөрдү жана жалпыга маалымдоо каражаттарында материалдарды жарыялоону уюштурсун.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө кабыл алынган чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын башчыларына - акимдерине Ак калпак жана улуттук кийим күнүн майрамдоого арналган иш-чараларды уюштуруу боюнча чараларды көрүүнү тапшыруу сунушталсын.
(КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 1802-VI токтомунун редакциясына ылайык)
Караңыз:
КР Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2016-жылдын 1-августундагы № 189-б "Чүй облусунда 5-мартты жыл сайын белгиленүүчү Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө" буйругу
5. Ак калпак жана улуттук кийим күнүн майрамдоого арналган иш-чараларды уюштуруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунушталсын.
(КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 1802-VI токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.
8. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|