Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-июну № 1802-VI
"5-мартты жыл сайын белгиленүүчү Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 825-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"5-мартты жыл сайын белгиленүүчү Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 825-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Токтомдун аталышы "Ак калпак" деген сөздөрдөн кийин "жана улуттук кийим" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Преамбула "баш кийиминин" деген сөздөрдөн кийин "жана улуттук кийиминин" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 1, 4, 5-пункттар "Ак калпак" деген сөздөрдөн кийин "жана улуттук кийим" деген сөздөр менен толукталсын.
4. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.
6. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы | Ч.Турсунбеков |