ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 822-VI «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына өкүлдү аныктоо жөнүндө» токтому

Редакция29.06.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 29-июну № 822-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына өкүлдү аныктоо жөнүндө

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 127-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жогорку Кеңештин депутаты Матраимов Искендер Исмаилович Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына бир жылдык мөөнөткө парламенттик көпчүлүктүн өкүлү катары аныкталсын.

2. 2016-жылдын 16-мартындагы № 370-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөсүн дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттагы "Халикова Ашэра Леджебовна" деген сөздөр "Матраимов Искендер Исмаилович" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

  

Төрага

Ч. Турсунбеков