Редакцияот 30.06.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 30-июну № 847-VI

"2015-жылдын 16-октябрында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 9-июнундагы № 301 токтому) "2015-жылдын 16-октябрында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

 

Төрага

Ч. Турсунбеков