Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-июну № 301
"Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда 2015-жылдын 16-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда 2015-жылдын 16-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда 2015-жылдын 16-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы кызматташуусу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдан долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда 2015-жылдын 16-октябрында кол коюлган Кез карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда 2015-жылдын 16-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы кызматташуусу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-июнундагы № 301 токтому менен жактырылган |
Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда 2015-жылдын 16-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы кызматташуусу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда 2015-жылдын 16-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы кызматташуусу жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуунун долбоору ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Эл аралык иштер боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-октябрынын № 512-б буйругу менен жактырылган.
Жогоруда аталган Макулдашууга Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда 2015-жылдын 16-октябрында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында кол коюлган.
Ушул Макулдашуунун максаты өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, ошондой эле Макулдашууга катышуучу Тараптардын биринин аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга же жоюуга жардам көрсөтүү болуп саналат.
Бул Макулдашууну ратификациялоо Тараптардын өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн уюштурууга, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун улуттук системаларын башкаруу органдарынын макулдашылган иш-аракеттерин иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.
Бул Макулдашуу социалдык, укуктук, финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерди алып келбейт.
Макулдашууну ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тийиштүү жылга республикалык бюджетте бекитилген каражаттардын чегинде жүргүзүлөт жана республикалык бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүүнү талап кылбайт.