КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 833-VI «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына жана Иш башкармалыгына мамлекеттик жарандык кызматка өзгөчө тартипте (сынактан тышкары) кирүү тартиби жөнүндө» токтому
Бул документ орус тилинде да барОрусча
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-июну № 833-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына жана Иш башкармалыгына мамлекеттик жарандык кызматка өзгөчө тартипте (сынактан тышкары) кирүү тартиби жөнүндө
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 14-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына жана Иш башкармалыгына мамлекеттик жарандык кызматка өзгөчө тартипте (сынактан тышкары) кирүү тартиби жөнүндө" Жобо бекитилсин (тиркелет).
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|