Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-сентябры № 886-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жабык-жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн убактылуу эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жабык-жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн убактылуу эсептөө комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 12 депутатынын санында шайлансын.
2. Убактылуу эсептөө комиссиясынын курамы төмөнкү депутаттардан шайлансын:
У.К.Жылкыбаев
Р.Ч.Момбеков
А.Э.Самигуллина
Д.Б.Аттокуров - Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын депутаттык фракциясынан;
М.К.Жээнчороев
А.Ж.Жамангулов
А.Алтынбеков - "Республика - Ата-Журт" саясий партиясынын депутаттык фракциясынан;
Д.Э.Төлөнов
А.К.Назаров - "Кыргызстан" саясий партиясынын депутаттык фракциясынан;
З.И.Жамалдинов - "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын депутаттык фракциясынан;
Ч.И.Жакупова - "Бир Бол" Мамлекеттик билимдүүлүк жана мекенчилдик саясий партиясынын депутаттык фракциясынан;
Б.И.Сулейманов - "Ата Мекен" саясий социалисттик партиясынын депутаттык фракциясынан.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|