ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 15-сентябрындагы № 886-VI «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жабык-жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн убактылуу эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө» токтому

Редакция15.09.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 15-сентябры № 886-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жабык-жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн убактылуу эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жабык-жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн убактылуу эсептөө комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 12 депутатынын санында шайлансын.

2. Убактылуу эсептөө комиссиясынын курамы төмөнкү депутаттардан шайлансын:

У.К.Жылкыбаев

Р.Ч.Момбеков

А.Э.Самигуллина

Д.Б.Аттокуров - Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын депутаттык фракциясынан;

М.К.Жээнчороев

А.Ж.Жамангулов

А.Алтынбеков - "Республика - Ата-Журт" саясий партиясынын депутаттык фракциясынан;

Д.Э.Төлөнов

А.К.Назаров - "Кыргызстан" саясий партиясынын депутаттык фракциясынан;

З.И.Жамалдинов - "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын депутаттык фракциясынан;

Ч.И.Жакупова - "Бир Бол" Мамлекеттик билимдүүлүк жана мекенчилдик саясий партиясынын депутаттык фракциясынан;

Б.И.Сулейманов - "Ата Мекен" саясий социалисттик партиясынын депутаттык фракциясынан.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

Ч. Турсунбеков