Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-сентябры № 905-VI
Чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол-транспорт кырсыктарынын алдын-алуу жана "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча кабыл алынып жаткан паралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу
Чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол-транспорт кырсыктарынын алдын-алуу жана "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ш.Жээнбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү эмгек-мигранттарынын укуктарын коргоо чөйрөсүндө
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- регионалдык түзүмдөрдү зарыл штаттык сан менен түзүүнүн эсебинен ички жана тышкы миграция боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын статусун жана ыйгарым укуктарын жогорулатсын;
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө каза болгон жарандарынын денелерин бекер алып келүүнү камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясынын Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнүн материалдык-техникалык базасын күчтөтсүн жана штаттык санын көбөйтсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 485 токтому менен бекитилген 2020-жылга чейин Калктын иш менен камсыз болушуна көмөктөшүү жана ички жана тышкы эмгек миграциясын жөнгө салуу программасынын аткарылышын контролдоону күчөтсүн;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынын Москва шаарындагы, ошондой эле Россия Федерациясынын региондорундагы, Казакстандагы, Түркиядагы, Бириккен Араб Эмираттарындагы, Түштүк Кореядагы өкүлчүлүктөрүн ачуу боюнча иштерди тездетсин;
- мигранттар жүргөн өлкөлөрдө укуктарын жана милдеттерин жөнгө салган колдонуудагы ченемдик укуктук актылар жөнүндө потенциалдуу эмгек мигранттарынын арасында маалыматтык-агартуу иштерин жакшыртсын, анын ичинде эмгек мигранттар жүргөн өлкөлөрдө алар тарабынан мыйзам ченемдери бузулган учурда мүмкүн болуучу терс кесепеттерге көңүлүн бурсун;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2016-жылдын 4-июлундагы "Республикада миграциялык процесстерди заманбап шарттарда жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө" № 4 чечиминин кыйшаюусуз аткарылышын камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Казакстан Республикасындагы эмгек-мигранттарына бекер юридикалык жардам берүүнү камсыздасын;
- Кыргыз Республикасынын алтын кору менен камсыздалган "Мигрант" топтоштуруу фондун түзүү маселесин карасын;
- Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандарга ишке уруксаттарды жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын анын чектеринен тышкары ишке жайгашууларына байланыштуу иштерге уруксат документтерин берүү үчүн бааларды көбөйтүү маселесин карасын;
- Кыргызстандын жарандары үчүн жаңы жумушчу орундарын түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин, консулдуктарынын материалдык-техникалык базаларын чыңдасын, алардын штаттык санын көбөйтсүн;
- Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясына кирүүсү чектелген жарандарынын санын кыскартуу боюнча чараларды көрсүн;
- уюшуп ишке жайгаштыруунун башка өлкөлөрдөгү формаларын өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү программаларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- 2016-жылдын 30-январында жана 27-августунда Москва шаарында Кыргыз Республикасынын жарандарынын каза болушуна алып келген кайгылуу окуянын териштирилишинин жүрүшүн жана жыйынтыктарын өзгөчө контролго алсын, иш берүүчүлөрдөн жана Москва шаарынын бийлигинен мыйзамдуу компенсацияларды алуу боюнча Кыргыз Республикасынын каза болгон жана жабыр тарткан жарандарынын үй-бүлөлөрүнө укуктук жардам көрсөтсүн;
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине төмөндөгү зарылчылыктарды көрсөтсүн:
"Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, дипломатиялык (1961) жана консулдук мамилелер (1963) жөнүндө Вена конвенцияларында көрсөтүлгөн жана жүктөлгөн функциялардын так аткарылышын;
Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Корея Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн аймактарында жүргөн эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жана легалдаштыруу боюнча иштердин ар тараптуу жандандырылышын;
Кыргыз Республикасынын жарандары жүргөн өлкөлөрдө алардын ар тараптуу консулдук эсебин алуунун камсыз болушун;
- этникалык кыргыздар жашаган мамлекеттерди, анын ичинде Кытай Эл Республикасын (СУАРдын Кыргыз Кызыл-Суу автоном округу) визасыз режимдеги өлкөлөрдүн тизмегине киргизсин;
- Россия Федерациясында жана башка өлкөлөрдө кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн турган ардактуу консулдарды дайындоо практикасын кекейтсин.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги:
- Россия Федерациясында жүргөн мигранттардын балдарын окуу куралдары, көркөм адабияттар менен камсыз кылсын;
- мектептерде, ЖОЖдордо билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, чет тилдерди үйрөнүүнү күчөтүү боюнча чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Россия Федерациясынын Москва шаарында туруктуу болуусу менен эмгек-мигранттарынын укуктарын коргоо үчүн Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин биринчи орун басарын жөнөтүү жөнүндө маселени карасын.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы расмий өкүлү Кыргыз Республикасынын жарандары жүргөн өлкөдөгү укуктарынын сакталышына, мигранттардын арасында криминалдык түзүмдөрдүн ишин, эмгектик эксплуатация жапа кулчулукту, иш берүүчүлөрдүн кыянаттык менен пайдаланууларын болтурбоо үчүн контролду жүзөгө ашырсын.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу жана "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу чөйрөсүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1. Коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун толук кандуу камсыздоо, ошондой эле Патрулдук милициянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максаттарында:
1) ченемдик-укуктук камсыздоо жаатында:
- Транспорттук каражаттарды мажбурлап эвакуациялоо, аларды адистештирилген токтотуу жайларына которуу жана дөңгөлөктөрдү блокировкалоо жана башка ыңгайлаштырылган түрлөрдү колдонуу эрежесин бекитсин;
- эксплуатациялоодо болгон Транспорттук каражаттарды алардын конструкциясына өзгөртүүлөр киргизилген учурда кайра жабдуу иштерин жүргүзүү эрежесин бекитсин;
- ири көлөмдүү жана оор жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуу эрежесин бекитсин;
2) материалдык-техникалык жактан камсыздоо жаатында:
- транспорттук каражаттардын кошумча 202 бирдигин жана байланыш каражаттарынын 602 бирдигин сатып алсын;
3) финансылык жактан камсыздоо жаатында:
- коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн кошумча 242 млн. 883 миң 700 сом (2016-жылы камсыз кылуу болгону 69,8%ды түзөт); жаңы эскиздерге ылайык жеке курамдын формалык кийим-кечегин даярдоо үчүн 33 млн. 400 миң сом бөлсүн;
- ИИМдин ПМББсынын алдындагы 86 млн. 788 миң 947 сом суммасынын 25%зы боюнча карызынын ордун жоюу боюнча чараларды көрсүн (2015-жылы - 30 млн. 042 миң 800 сом, 2016-жылдын 8 айында - 56 млн. 746 миң 147 сом болгон);
4) жол кыймылын уюштурууну техникалык каражаттар (жол белгилери, белгилемелер, светофорлор, тиешелүү жол тосмолору жана анын багыт берүүчү түзүлүштөрү) менен камсыздоо жана орнотуу боюнча чараларды көрсүн;
5) автомобиль жолдорун реконструкциялоодо жана курууда жөө жүрүүчүлөр тротуарларын, зарыл болсо - коопсуздукту камсыздоо максаттарында жер алдында жана жер үстүндөгү өтмөлөрдүн курулушун карасын;
6) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2016-жылга бекитилген титулдук баракчасына жараша жолдорго асфальт жана шагыл төшөө боюнча республиканын ички жолдорунун курулушун жана оңдолушун аяктасын;
7) Кыргыз Республикасынын ИИМнин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын толук кандуу иштөөсү үчүн зарыл болгон каражаттарды кошуп алганда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-декабрындагы № 615 тескемесинде каралган чараларды толук көлөмүндө каржылоону камсыз кылсын;
8) "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча өткөрүлгөн тендердин укук ченемдүүлүгү жөнүндө сот процессинин белгисиз убакытка создугуп кетишинин мүмкүн экендигин эске алып, аны толук көлөмүндө ишке ашыруу боюнча чараларды тез арада көрсүн;
9) жол кыймылынын эрежелерин бузуучуларга административдик айып салуудан түшкөн акчалардын эсебинен эл аралык жана ички мамлекеттик жолдорду, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларындагы жолдорду көрмө камералар менен жабдысын.
2. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көрүлгөн чаралардын жыйынтыктары жөнүндө маалыматты 2016-жылдын 1-декабрына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине берсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттерине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Н.Алимбеков |