Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 21-декабры № 615-б
Ички иштер органдарынын коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жолдогу жана коомдук коопсуздукту жакшыртуу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары:
- Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө кынтыксыз аткаруу боюнча баардыгын камтыган чараларды көрүшсүн;
- ар бир айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ар бир айдын 25ине чейин Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү тууралуу жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- ушул Иш-чаралар планында каралган иш-чараларды каржылоо үчүн зарыл болгон акча каражатын тапсын жана Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинде караштырсын;
- "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жолдогу жана коомдук коопсуздукту жакшыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Иш-чаралар | Аткаруучулар | Мөөнөтү | Бюджети | Эскертүү |
1. Кайгуул милициясын түзүү | |||||
1.1. Ченемдик укуктук иш | |||||
1.1.1 | "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкы башкармасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруу боюнча айрым чаралар жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | ИИМ, министрликтер жана ведомстволор | 2015-жылдын декабры | Республикалык бюджеттен каралган каражаттын эсебинен |
|
1.1.2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-декабрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Жол-кайгуул кызматынын техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу | ИИМ, министрликтер жана ведомстволор | 2015-жылдын декабры | Республикалык бюджеттен каралган каражаттын эсебинен | "Техникалык багыттагы борбор" мамлекеттик ишканасын ИИМдин ККББ карамагына баш ийдирүү жөнүндө |
1.1.3 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 59 "Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | ИИМ, министрликтер жана ведомстволор | 2015-жылдын 20-декабры | Республикалык бюджеттен каралган каражаттын эсебинен | Күңүрттөөгө уруксат берүү жагында |
1.1.4 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | ИИМ, министрликтер жана ведомстволор | 2015-жылдын 20-декабры | Республикалык бюджеттен каралган каражаттын эсебинен | ИИМдин Академиясынын ИИОнун кызматкерлерин баштапкы даярдоо жана кайра даярдоо ыйгарым укугун өткөрүп берүү жагында |
1.2. Уюштуруу иши | |||||
1.2.1 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коомдук жана жол коопсуздугун камсыздоого тийиштүү ведомстволук актыларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине ылайык келтирүү | ИИМ | 2016-жылдын 1-февралы | Республикалык бюджеттен каралган каражаттын эсебинен |
|
1.2.2 | Кайгуул милициянын ишин уюштуруу боюнча нускаманы ("нускалуу жүрүм-турум") иштеп чыгуу жана ведомстволук акты менен бекитүү | ИИМ | 2016-жылдын 20-январы | Республикалык бюджеттен каралган каражаттын эсебинен |
|
1.2.3 | Кайгуул милиция кызматкерлерин кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу курстарын иштеп чыгуу жана бекитүү (ИИМдин Академиясынын базасында) | ИИМ | 2016-жылдын 1-февралы | Республикалык бюджеттен каралган каражаттын эсебинен |
|
1.2.4 | Кайгуул милицияны түзүүнү жана анын ишин чагылдыруу боюнча медиа-план даярдоо | ИИМ | 2015-жылдын 10-декабры | Республикалык бюджеттен каралган каражаттын эсебинен |
|
1.3. Кайгуул милицияны материалдык-техникалык камсыз кылуу | |||||
1.3.1 | Кайгуул милициянын ишин каржылоо булагын аныктоо | ФМ, ИИМ | 2015-жылдын 1-декабры | Республикалык бюджет, донорлор/демөөрчүлөр |
|
1.3.2 | Автоунаа каражаттарын сатып алуу боюнча тендер өткөрүү (этап менен 246 автоунаа) | ИИМ, ФМ | 2016-жылдын 1-февралы | 309960,0 миң сом | Пландын 1.3.1-п. аткарууну эске алуу менен |
1.3.3 | Санариптик байланышты (борбордоштурулган сервер, репитерлер, 43 бирдик) сатып алууга тендер өткөрүү | ИИМ, ФМ | 2016-жылдын 1-февралы | 16450,0 миң сом | Пландын 1.3.1-п. аткарууну эске алуу менен |
1.3.4 | Персоналдык төшкө тагылуучу видео-регистраторлорду азыктандыруу түзүлүштөрүнүн комплектиси менен сатып алууга тендер өткөрүү | ИИМ, ФМ | 2016-жылдын 1-февралы | 36036,0 миң сом | Пландын 1.3.1-п. аткарууну эске алуу менен |
1.3.5 | Кайгуул автоунаалары үчүн GPS-трекерлери бар видео регистраторлорду сатып алууга тендер өткөрүү | ИИМ, ФМ | 2016-жылдын 1-февралы | 6888,0 миң сом | Пландын 1.3.1-п. аткарууну эске алуу менен |
1.3.6 | 246 автоунаага жарык кылуучу жана жаркылдатуучу маяктарды сатып алууга тендер өткөрүү | ИИМ, ФМ | 2016-жылдын 1-февралы | 8610,0 миң сом | Пландын 1.3.1-п. аткарууну эске алуу менен |
1.3.7 | Автоунааларга (246 бирдик) радиостанцияларды сатып алууга тендер өткөрүү | ИИМ, ФМ | 2016-жылдын 1-февралы | 7749,0 миң сом | Пландын 1.3.1-п. аткарууну эске алуу менен |
1.3.8 | Кайгуул милициянын кызматкерлеринин жеке коргонуусу үчүн атайын каражаттарды сатып алууга тендер өткөрүү | ИИМ, ФМ | 2016-жылдын 1-февралы | 82685,0 миң сом | Пландын 1.3.1-п. аткарууну эске алуу менен |
1.3.9 | Кайгуул милициянын кызматкерлерин форма кийим менен камсыз кылуу (ИИМдин муктаждыгына ылайык) | ИИМ, ФМ | Комплекттелүүгө жараша | 54682,5 миң сом | Пландын 1.3.1-п. аткарууну эске алуу менен |
1.3.10 | Кайгуул милициянын бөлүктөрүн аймактык-администрациялык бирдиктерге жайгаштыруу үчүн администрациялык-кызматтык базаларды түзүү боюнча негиздүү сунуштарды зарыл болгон кошумча каржылоонун эсеби менен киргизүү | ИИМ, ФМ, ММБФ, Курулуш агенттиги, Этностор агенттиги, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча) | 2016-жылдын 1-апрели |
|
|
1.3.11 | Кайгуул милициянын бөлүктөрүн кызматтык базалар менен камсыздоону каржылоо булагын аныктоо (республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү) | ФМ, ИИМ | 2015-жылдын 1-декабры | Республикалык бюджет, донорлор/демөөрчүлөр | Пландын 1.3.10-п. каржылоо жагынан |
2. "ЖКЭ бузууну автоматтык фото-видео фиксациялоо" пилоттук долбоорун ишке ашыруу | |||||
2.1 | Сервердик бөлмөнү жабдуу жана атайын программалык камсыздоону орнотуу (софт) | ИИМ | 2015-жылдын 20-декабры | 7000,0 миң сом |
|
2.2 | ЖКЭ бузууну фото-видео фиксациялоо жабдыктарын жеткирүү жана сертификаттоо, радардык түзүлүштөрдү мамлекеттик текшерүү | ИИМ, Экономика министрлигине караштгуу Стандартташтыруу жана метрология борбору | 2015-жылдын 30-декабры | Республикалык бюджеттен каралган каражаттын эсебинен | Зарыл болгон техникалык каражаттар менен камсыз кылуу |
2.3 | ИИМдин БМБнын, Мамкаттоонун жана "Кыргыз почтасы" МИ маалыматтык базаларына интеграциялоо | ИИМ, Мамкаттоо, Транспорт министрлиги ("Кыргыз почтасы" МИ) | 2016-жылдын 20-январы | Республикалык бюджеттен каралган каражаттын эсебинен |
|
2.4 | ЖКЭ бузууну фото-видео фиксациялоонун, фото-видео таануунун автоматташтырылган тутумун иштетүү жана пилоттук долбоорду демонстрациялоону баштоо | ИИМ | 2016-жылдын 10-февралы | Республикалык бюджеттен каралган каражаттын эсебинен | Пилоттук участоктордогу жабдыктарды жөндөп ишке киргизүү жана айып төлөө механизмин талдоо |
2.5 | ИИМдин БМБнын базасында Маалыматтык технологиялар кызматын түзүү | ИИМ, ФМ Борбордук казыналыгы | 2015-жылдын 20-декабры | Республикалык бюджеттен каралган каражаттын эсебинен | Банк кызматтарынын жана почта бөлүмдөрүнүн төлөө тутумдарына интеграциялоону эске алуу менен Казыналык тутумунда өзүнчө алыш-бериш эсеп ачуу |
2.6 | "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар кызматы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча функцияларды киргизүүнү эске алуу менен даярдоо | ИИМ | 2016-жылдын 20-январы | Республикалык бюджеттен каралган каражаттын эсебинен |
|
3. Фото жана видео фиксациялоо каражаттарын киргизүүнү башка участоктордо андан ары кеңейтүү | |||||
3.1 | "Токмок жана Кара-Балта шаарларында, Бишкек - Токмок, Бишкек - Кара-Балта авто трассаларында жол кыймылынын эрежесин бузууларды видео байкоонун, фото-видео фиксациялоонун, фото-видео таануунун автоматтык тутуму" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун демилгелөө | ИИМ | 2016-жылдын 1-марты | Республикалык бюджеттен каралган каражаттын эсебинен | "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен; долбоорду демилгелөө максатында зарыл болгон документтерди даярдоо |
3.2 | Тендер өткөрүүгө тендердик документтерди даярдоо, тендердик комиссияны түзүү | ИИМ | 2016-жылдын 15-майы | Республикалык бюджеттен каралган каражаттын эсебинен | "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен; долбоорду демилгелөө максатында зарыл болгон документтерди даярдоо |
3.3 | "Токмок жана Кара-Балта шаарларында, Бишкек - Токмок, Бишкек - Кара-Балта авто трассаларында жол кыймылынын эрежесин бузууларды видео байкоонун, фото-видео фиксациялоонун, фото-видео таануунун автоматтык тутуму" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашырууга тендер өткөрүү | ИИМ | 2016-жылдын 1-сентябры | Республикалык бюджеттен каралган каражаттын эсебинен |
|
3.4 | "Токмок жана Кара-Балта шаарларында, Бишкек - Токмок, Бишкек - Кара-Балта авто трассаларында жол кыймылынын эрежесин бузууларды видео байкоонун, фото-видео фиксациялоонун, фото-видео таануунун автоматтык тутуму" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу түзүү | ИИМ | 2016-жылдын 1-ноябры | Республикалык бюджеттен каралган каражаттын эсебинен |
|
3.5 | "Токмок жана Кара-Балта шаарларында, Бишкек - Токмок, Бишкек - Кара-Балта авто трассаларында жол кыймылынын эрежесин бузууларды видео байкоонун, фото-видео фиксациялоонун, фото-видео таануунун автоматтык тутуму" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу | ИИМ | Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну эске алуу менен |
|
|
4. "Электрондук ККК" долбоорун ишке ашыруу | |||||
4.1 | Керектүү жабдууларды жана программалык камсыздоону алуу | ИИМ | Каржылоо бөлүнгөн кезден тартып - 1,5 жыл | 115974360 сом | Анын ичинде байланыш каналдарын салуу |
4.2 | Бар болгон тутумдарга ылайыкташтыруу жана КУПтун маалыматтар базасын жана статистикасын КККнын жаңы тутумуна которуу | ИИМ |
| Анын ичинде байланыш каналдарын салуу | |
4.3 | Аймактык ИИОлорду байланыш каналдары менен камсыз кылуу жана аларды коргоо | ИИМ |
|
| |
4.4 | Тутумду жайылтуу | ИИМ |
|
| |
4.5 | Кадрларды окутуу | ИИМ |
|
| |
4.6 | Электрондук КККны бирдиктүү мамлекеттик нөөмөт-диспетчерлик кызмат менен интеграциялоо | ИИМ, Кызматтар: "112", "103", "102" |
|
| |