Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-октябры № 968-VI
"Улутташтырылган объектилерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Пирамида" телерадио компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталындагы мамлекеттик үлүштү менчиктештирүү маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-августундагы токтомун карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Улутташтырылган объектилерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы 37-пункт менен толукталсын:
"
37 | "Пирамида" телерадио компаниясы" ЖЧКсынын 100% үлүшүнөн; |
";
2-тиркеменин 17-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|