Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-октябры № 990-VI
"2015-жылдын 15-сентябрында Дүйшөнбү шаарында кол коюлган 2003-жылдын 28-апрелиндеги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин темир жолдорун техникалык жактан калкалоонун бирдиктүү тутумун түзүү жөнүндө макулдашуунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 7-июнундагы № 304 токтому) "2015-жылдын 15-сентябрында Дүйшөнбү шаарында кол коюлган 2003-жылдын 28-апрелиндеги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин темир жолдорун техникалык жактан калкалоонун бирдиктүү тутумун түзүү жөнүндөгү макулдашуунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|