Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-июну № 304
"Дүйшөнбү шаарында 2015-жылдын 15-сентябрында кол коюлган, 2003-жылдын 28-апрелиндеги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин темир жолдорун техникалык жактан калкалоонун бирдей тутумун түзүү жөнүндөгү макулдашуунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо, жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Дүйшөнбү шаарында 2015-жылдын 15-сентябрында кол коюлган, 2003-жылдын 28-апрелиндеги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин темир жолдорун техникалык жактан калкалоонун бирдей тутумун түзүү жөнүндөгү макулдашуунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Дүйшөнбү шаарында 2015-жылдын 15-сентябрында кол коюлган, 2003-жылдын 28-апрелиндеги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин темир жолдорун техникалык жактан калкалоонун бирдей тутумун түзүү жөнүндөгү макулдашуунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Дүйшөнбү шаарында 2015-жылдын 15-сентябрында кол коюлган, 2003-жылдын 28-апрелиндеги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин темир жолдорун техникалык жактан калкалоонун бирдей тутумун түзүү жөнүндөгү макулдашуунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Дүйшөнбү шаарында 2015-жылдын 15-сентябрында кол коюлган, 2003-жылдын 28-апрелиндеги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин темир жолдорун техникалык жактан калкалоонун бирдей тутумун түзүү жөнүндөгү макулдашуунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы тууралуу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Катчылыгына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти