Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-ноябры № 1085-VI
"2015-жылдын 30-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин 2002-жылдын 7-ноябрындагы Жашы жетпегендерди туруктуу жашаган мамлекетине кайтарып берүү маселелериндеги кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга Аткаруучу протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 17-июнундагы № 338 токтому) "2015-жылдын 30-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин 2002-жылдын 7-ноябрындагы Жашы жетпегендерди туруктуу жашаган мамлекетине кайтарып берүү маселелериндеги кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга Аткаруучу протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|