Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-июну № 338
"Дүйшөнбү шаарында 2015-жылдын 30-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин 2002-жылдын 7-ноябрындагы Жашы жетпегендерди туруктуу жашаган мамлекетине кайтарып берүү маселелериндеги кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга Аткаруучу протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Дүйшөнбү шаарында 2015-жылдын 30-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин 2002-жылдын 7-ноябрындагы Жашы жетпегендерди туруктуу жашаган мамлекетине кайтарып берүү маселелериндеги кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга Аткаруучу протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Дүйшөнбү шаарында 2015-жылдын 30-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин 2002-жылдын 7-ноябрындагы Жашы жетпегендерди туруктуу жашаган мамлекетине кайтарып берүү маселелериндеги кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга Аткаруучу протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Дүйшөнбү шаарында 2015-жылдын 30-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин 2002-жылдын 7-ноябрындагы Жашы жетпегендерди туруктуу жашаган мамлекетине кайтарып берүү маселелериндеги кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга Аткаруучу протоколду ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Дүйшөнбү шаарында 2015-жылдын 30-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин 2002-жылдын 7-ноябрындагы Жашы жетпегендерди туруктуу жашаган мамлекетине кайтарып берүү маселелериндеги кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга Аткаруучу протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Аткаруучу протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө депозитарий болуп саналган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруучу комитетине кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 338 токтому менен жактырылган |
Дүйшөнбү шаарында 2015-жылдын 30-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин 2002-жылдын 7-ноябрындагы Жашы жетпегендерди туруктуу жашаган мамлекетине кайтарып берүү маселелериндеги кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга Аткаруучу протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин 2002-жылдын 7-ноябрындагы Жашы жетпегендерди туруктуу жашаган мамлекетине кайтарып берүү маселелериндеги кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга Аткаруучу протокол Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Аткаруучу протоколдун долбоору ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер боюнча комитети, Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-октябрындагы № 516-б буйругу менен жактырылган жана 2015-жылдын 30-октябрында Тажикстан Республикасынын Дүйшөнбү шаарында КМШга катышкан мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кол коюлган.
Тараптардын ортосунда финансы маселелери боюнча келишимдиктерди ишке ашырууда пайда болгон кыйынчылыктарга байланыштуу, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин 2002-жылдын 7-ноябрындагы Жашы жетпегендерди туруктуу жашаган мамлекетине кайтарып берүү маселелериндеги кызматташтыгы жөнүндө макулдашуунун 7-беренесинин жоболорун ишке ашыруу жана жашы жетпегендерди туруктуу жашаган мамлекетине кайтарып берүүдө Тараптардын кеткен чыгымдарынын ордун толтуруу менен байланышкан маселелерди толук жөнгө салуу максатында Макулдашууга Аткаруучу протоколдун долбоору демилгеленген, ал 2014-жылы Чолпон-Ата шаарында КМШга катышкан мамлекеттердин Ички иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө жактырылган.
Аткаруучу протокол жашы жетпегендерди туруктуу жашаган мамлекетине кайтарып берүү менен байланышкан чыгымдардын ордун толтурууда Тараптардын ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдүн тартибин аныктайт.
Аткаруучу протоколду ишке ашыруу боюнча иш-чараларды каржылоо Кыргыз Республикасынын тиешелүү жылдарга республикалык бюджетинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат.