Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-апрели № 420-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосунда кызматташтык боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 43-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
токтом төмөнкүдөй мазмундагы 1.1 жана 1.2 пункттар менен толукталсын:
"1.1. Шайназров Тынчтык Урайимович Парламенттер аралык комиссиянын тең төрагалыгына шайлансын.
1.2. Чудинов Игорь Витальевич Парламенттер аралык комиссиянын тең төрагасынын орун басарлыгына шайлансын.".
2. "Көзкарандысыз Мамлекеттердин Кызматташтыгына катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 40-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Саматов Жыргалбек Алимбаевич Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясындагы Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссияга жиберилсин.
2-пункттун тогузунчу абзацындагы "Казакбаев Руслан Айтбаевич" деген сөздөрдөн кийин ", Саматов Жыргалбек Алимбаевич" деген сөздөр менен толукталсын.
3. "Калктын саны жана өнүктүрүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна калктын саны жана өнүктүрүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин Улуттук комитетин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 41-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Сапарбаев Жоомарт Рахатович калктын саны жана өнүктүрүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна калктын саны жана өнүктүрүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин Улуттук комитетинин курамынан чыгарылсын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Маматов Абдимуктар Маматович калктын саны жана өнүктүрүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна калктын саны жана өнүктүрүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин Улуттук комитетинин курамына киргизилсин.
Төраганын орун басары | А. Омурбекова
|