Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-ноябры № 41-VI
Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетин түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 17-февралындагы № 266-VI, 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 420-VI, 2016-жылдын 16-ноябрындагы № 1092-VI , 2017-жылдын 7-сентябрындагы № 1844-VI, 2019-жылдын 7-февралындагы № 2884-VI, 2019-жылдын 14-мартындагы № 2955-VI, 2020-жылдын 28-майындагы № 3773-VI 2021-жылдын 24-февралындагы № 4420-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Калктын саны жана өнүгүү маселелерин андан ары жөнгө салуудагы, ошондой эле өлкөдөгү жакырчылыкты жоюудагы Кыргызстандын парламентчилеринин ролуна чоң маани берип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитети төмөнкү депутаттардын курамында түзүлсүн:
- Маматов Абдимуктар Маматович;
- Султанов Абдыкапар Маданбекович;
- Кулбараков Абтандил Илдузович;
- Молдобекова Гүлкан Сакиновна;
- Турускулов Жыргалбек Күрүчбекович;
- Тиллаев Таабалды Гапырович;
- Турсунбаев Азизбек Атакозуевич;
- Мусабекова Жылдыз Аманбековна;
- Касымалиева Аида Камчыбековна;
- Бешимбаева Айгерим Кабылбековна.
1.1. (КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 28-майындагы № 3773-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 24-февралындагы № 4420-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 17-февралындагы № 266-VI токтомунун редакциясына ылайык)
2. Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитети жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.
Төрага | А. Жээнбеков
|