Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июну № 827-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 37-VI "Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Турсунбеков Чыныбай Акунович Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясындагы Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүркулов Иса Шейшенкулович Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясындагы Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Текебаев Өмүрбек Чиркешович Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясындагы Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын башчысы болуп бекитилсин;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүркулов Иса Шейшенкулович Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясындагы Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын башчысынын орун басары болуп бекитилсин.
2. 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 42-VI "Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташтык Комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Мамытова Лунара Улукбековна "Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташтык Комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Назаров Айтмамат Кошоевич "Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташтык Комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ормонов Улугбек Зулпукарович "Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташтык Комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин.
3. 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 33-VI "Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жээнбеков Асылбек Шарипович Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Турсунбеков Чыныбай Акунович Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин.
4. 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 40-VI "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жээнбеков Асылбек Шарипович Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Турсунбеков Чыныбай Акунович Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана анын башчысы болуп бекитилсин.
5. 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 36-VI "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жээнбеков Асылбек Шарипович Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Турсунбеков Чыныбай Акунович Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана анын башчысы болуп бекитилсин.
6. 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 34-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин ортосунда кызматташтык боюнча Парламенттер аралык Кеңештин кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жээнбеков Асылбек Шарипович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин ортосунда кызматташтык боюнча Парламенттер аралык Кеңештин кыргыз тарабынын курамынан чыгарылсын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Турсунбеков Чыныбай Акунович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин ортосунда кызматташтык боюнча Парламенттер аралык Кеңештин кыргыз тарабынын курамына киргизилсин жана анын башчысы болуп бекитилсин.
7. 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 39-VI "Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жээнбеков Асылбек Шарипович Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Турсунбеков Чыныбай Акунович Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана анын башчысы болуп бекитилсин.
8. 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 35-VI "Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жээнбеков Асылбек Шарипович Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Турсунбеков Чыныбай Акунович Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана анын башчысы болуп бекитилсин.
9. 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 38-VI "Ислам Конференциясы Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жээнбеков Асылбек Шарипович Ислам Конференциясы Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Турсунбеков Чыныбай Акунович Ислам Конференциясы Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана анын башчысы болуп бекитилсин.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|