Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-ноябры № 37-VI
Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 17-февралындагы № 266-VI, 2016-жылдын 29-июнундагы № 827-VI, 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 1857-VI, 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 1964-VI, 2017-жылдын 28-декабрындагы № 2160-VI, 2018-жылдын 28-июнундагы № 2534-VI, 2021-жылдын 24-февралындагы № 4420-VI, 2021-жылдын 3-мартындагы № 4436-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмга катышкан өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташууну андан ары тереңдетүүнүн зарылдыгын таанып, ЕККУнун алкагында парламенттер аралык байланыштарды активдештирүүгө умтулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы төмөнкү депутаттардын курамында түзүлсүн:
- Өмүркулов Иса Шейшенкулович;
- Төрөбаев Бакыт Эргешевич;
- Абдылдаев Мыктыбек Юсупович;
- Туманбаева Рада Мураталыевна.
(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 827-VI, 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 1857-VI, 2017-жылдын 28-декабрындагы № 2160-VI, 2018-жылдын 28-июнундагы № 2534-VI, 2021-жылдын 24-февралындагы № 4420-VI, 2021-жылдын 3-мартындагы № 4436-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1.1. Өмүркулов Иса Шейшенкулович парламенттик делегациянын башчысы болуп шайлансын.
(КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 1964-VI токтомунун редакциясына ылайык)
1.2. Иманалиев Каныбек Капашевич парламенттик делегациянын башчысынын орун басары болуп шайлансын.
(КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 1964-VI токтомунун редакциясына ылайык)
2. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.
Төрага | А. Жээнбеков
|