Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-майы № 524-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Төмөнкүдөй мазмундагы 13-1-пункт менен толукталсын:
"13-1. "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" (мындан ары - "Улуттук холдинг компаниясы" ААКсы) ачык акционердик коомунун уставдык капиталына салым катары акциялардын мамлекеттик пакетин киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылуучу менчиктештирүү объектилеринин тизмеги ушул Программадагы 4-тиркемеге ылайык аныкталат.".
2. Мамлекетке тиешелүү болгон "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКсынын акциялары Кыргыз Республикасынын тышкы карызын жабуунун эсебине сатылышы, коюлушу, алмашылышы, ишеним башкарууга өткөрүлүп берилиши мүмкүн эмес экендиги белгиленсин. Аталган акционердик коомдун мүлкү кыйыр түрдөгүсүн кошуп алганда, алып коюунун ар кандай түрлөрүнө жатпайт.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөндөгү маселелерди кароо сунушталсын:
- "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКсынын курамына "Нарынгидроэнергокурулуш", "Нарынатайынгидроэнергомонтаж", "Каракөл ГЭСи" жана "Найман ГЭСи" ачык акционердик коомдорун киргизүү;
- республиканын экономикасынын стратегиялык маанилүү тармагында саясат иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик орган катары Энергетика министрлигин кайра түзүү;
- "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКсына кирген ачык акционердик коомдорду толук инвентаризациялоону жана активдерин кайра баалоону 2017-жылдын 1-январына чейин жүргүзүү.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине (Н.К.Макеев) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине (К.Ж.Рыспаев) жүктөлсүн.
Төрагасынын орун басары |
| Н.Алимбеков |
|
| 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына 4-тиркеме |
№ к/м | Объектилердин аталышы | Уставдык капитал (миң сом менен) | Мамлекеттик үлүш (%) | Менчиктештирилүүгө жаткан мамлекеттик үлүш (%) |
1 | "Электр станциялары" ачык акционердик коому | 4428282,9 | 80,49% | 80,49% |
2 | Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коому | 1597377,3 | 80,49% | 80,49% |
3 | "Түндүкэлектро" ачык акционердик коому | 454574,6 | 80,49% | 80,49% |
4 | "Чыгышэлектро" ачык акционердик коому | 186499,9 | 80,49% | 80,49% |
5 | "Ошэлектро" ачык акционердик коому | 169816,0 | 80,49% | 80,49% |
6 | Жалал-Абад электро ачык акционердик коому | 212618,1 | 80,49% | 80,49% |
7 | "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коому | 366841,8 | 80,49% | 80,49% |
8 | "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому | 274724,2 | 100,0% | 100,0% |
9 | "Кыргыз энергетикалык эсептешүү борбору" ачык акционердик коому | 100,0 | 100,0% | 100,0% |