Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-июну № 652-VI
"Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата - Корумду автожолун (узундугу 104 километр) участкасын реконструкциялоо, Бишкек шаарынын жана "Манас" эл аралык аэропортунун ортосундагы (узундугу 23,027 километр) автожолунун участкасын капиталдык ремонттоо жана малдарды идентификациялоону техникалык камсыздоо үчүн жабдууларды сатып алуу боюнча тендерлердин мыйзамдуулугун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 3-декабрындагы № 67-VI токтому менен түзүлгөн Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата - Корумду автожолунун (узундугу 104 километр) участкасын реконструкциялоо, Бишкек шаарынын жана "Манас" эл аралык аэропортунун ортосундагы автожолдун (узундугу 23,027 километр) участкасын капиталдык ремонттоо жана малдарды идентификациялоону техникалык камсыздоо үчүн жабдууларды сатып алуу боюнча тендерлердин мыйзамдуулугун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясынын төрагасынын жана мүчөлөрүнүн маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата - Корумду автожолунун (узундугу 104 километр) участкасын реконструкциялоо, Бишкек шаарынын жана "Манас" эл аралык аэропортунун ортосундагы (узундугу 23,027 километр) автожолунун участкасын капиталдык ремонттоо жана малдарды идентификациялоону техникалык камсыздоо үчүн жабдууларды сатып алуу боюнча тендерлердин мыйзамдуулугун иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-премьер министри Т.А.Сариев, мамлекеттик органдардын айрым жетекчилери жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери тарабынан "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бузуу менен республикалык бюджеттен каржылоо булагын аныктабай туруп, Балыкчы - Тамчы - Чопон-Ата - Корумду автомобиль жолун реконструкциялоо жөнүндө чечим кабыл алынгандыгы таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Балыкчы - Тамчы - Чопон-Ата - Корумду автомобиль жолун реконструкциялоо боюнча Кыргыз Республикасынын экс-премьер-министринин (Т.А.Сариев), Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациясынын экс-министринин (А.Ж.Малабаев), Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациясынын экс-министринин орун басарынын (У.К.Уезбаев), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлеринин жана тендердик комиссиянын төрагасынын (Ж.А.Содомбаев) аракеттерине укуктук баа берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
Балыкчы - Тамчы - Чопон-Ата - Корумду (узундугу 104 километр), ошондой эле Бишкек шаарынын жана "Манас" эл аралык аэропортунун ортосундагы (узундугу 23,027 километр) автомобиль жолдорун реконструкциялоонун сапатын координациялоону жана контролдоону күчөтсүн;
Балыкчы - Тамчы - Чопон-Ата - Корумду автомобиль жолун (узундугу 104 километр) реконструкциялоону аяктоо үчүн зарыл болгон кошумча каражаттарды издеп тапсын.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Коррупцияга каршы кызматы аталган жазык ишин тергөөнүн алкактарында табылган фактылар боюнча кызматтык жана башка адамдардын аракеттерине укуктук баа берсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2016-жылдын 15-июнуна карата жогоруда көрсөтүлгөн кемчиликтер боюнча кабыл алынган биринчи кезектеги чаралар жөнүндө отчёт берсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|