Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-июну № 653-VI
Туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана 2016-жылдын жайкы туристтик сезонуна даярдык көрүү боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасында туризмди жайылтуу, "Туризм жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу, туристтик иштин субъектилерин, анын ичинде мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жайкы туристтик сезонго даярдоо боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуунун зарылдыгына байланыштуу туристтердин укуктарын жана эркиндигинин кемсинтилишине жол бербөө, туристтик ресурстардын жаратылыш, тарыхый, социалдык-маданий потенциалын сарамжалдуу пайдалануу максаттарында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2016-жылдын 20-июнуна чейинки мөөнөттө төмөнкүдөй чараларды көрсүн:
- "Токмок", "Кең-Булуң", "Ак-Жол-автожолу", "Чалдыбар-автожолу" контролдук-өткөрмө пункттарынын (КӨП) инфратүзүмүн жакшыртсын, ошондой эле туристтерди ыкчам жана сапаттуу тейлөө үчүн көрсөтүлгөн КӨПтүн ишин оптималдаштырсын, укук бузууларга жол бербөө жана туристтердин укуктарын кемсинтпөө максаттарында тиешелүү кызматтардын ишин катуу көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырсын;
- туристтерди ыкчам жана сапаттуу тейлөө үчүн "Манас", "Ош" жана "Ысык-Көл" аэропортторунун ишин оптималдаштырсын;
- "Манас" жана "Ысык-Көл" аэропортторунда жүргүнчүлөрдү жеке ташууга байланыштуу маселелерди жөнгө салсын;
- туристтердин, анын ичинде өлкөнүн жолдорундагы коопсуздукту камсыздоого багытталган алдын алуу чараларынын натыйжалуу механизмдерин иштеп чыксын жана жүзөгө ашырсын;
- туристтердин укуктарын жана эркиндигин камсыздоого тиешелүү болгон учурдагы тез көрүлүүчү маселелер боюнча чараларды ыкчам кабыл алуу үчүн штабдарды түзүү боюнча чараларды көрсүн;
- жайкы туристтик сезондун мезгилинде тиешелүү органдардын жана чек ара кызмат органдарынын кызматкерлери тарабынан тез жана ойдогудай чек ара контролун камсыздоо үчүн мамлекеттик чек аралардан өтүү, туристтердин жана алардын транспорттук каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү эрежелерин кайра карасын жана оптималдаштырсын;
- Балыкчы-Корумду жолунун курулушунун толук токтоп калышына жол бербөө боюнча чараларды көрсүн;
- Балыкчы - Булан-Сөгөттү трассасынын, ошондой эле жеке эс алуу үйлөрү жайгашкан калктуу конуштардын ички жолдорунун жээктерин жарыктандырууну; Балыкчы - Булан-Сөгөттү трассасы боюнча калктуу конуштарда светофорлорду орнотууну камсыздоо боюнча иштерди каржылоо жана уюштуруу маселесин чечсин;
- Балыкчы-Корумду трассасы боюнча калктуу конуштардагы жөө жүргүнчүлөр өтмөлөрүн белгилөө үчүн тиешелүү атайын жол белгилерин орнотууну жана разметкаларды бөлүүнү (сырдоону) камсыз кылсын;
- "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдеринин, айрыкча "Ысык-Көл" ЭЭЗсынын аймагындагы бардык типтеги (скутерлердин жана башкалардын) эки тактылык стационардык жана илме кыймылдаткычтары бар сүзүп жүрүүчү каражаттарды кошуп алганда транспортту эксплуатациялоо аркылуу химиялык булгоого тыюу салууга, ошондой эле Ысык-Көлдө садок чарбаларынын ишине тыюу салууга тиешелүү жаатындагы ченемдердин аткарылышы үчүн катуу контролду жүзөгө ашырсын; мыйзамдардын ченемдери аткарылбаган учурларда кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартсын;
- Ысык-Көлдүн жаратылышын коргоо, биоартүрдүүлүгүн сактоо максаттарында Ысык-Көл областынын аймагына туристтер тарабынан полиэтилен пакеттеринин жана пластикалык идиштеринин ордуна натуралдык материалдардан жасалган кагаз пакеттеринин, идиштердин жана таңгактардын алып келинишин пропагандалоого жана жайылтууга багытталган иш чараларды жүзөгө ашырсын;
- курорттук-рекреациялык туризм, тоо туризми, экологиялык жана башка туризм чөйрөсүндөгү чарбакер субъекттердин иши үчүн жер-жерлерде ыңгайлуу шарттарды түзүү, туристтердин укуктарын камсыздоо, экологиялык жана жаратылыштык талаптарды сактоо боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин күчөтсүн жана жандандырсын;
- жер-жерлерде туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү, коомдук тамактануунун сапатын контролдоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүзөгө ашырсын;
- Ысык-Көл областынын ички аймактарында, областтардын ортосунда, райондордун жана калктуу конуштардын ортосунда, ошондой эле туристтик ресурстардын кеңири жайылтылган орун алган жерлеринде туристтердин орун которуп жүрүүлөрү үчүн коомдук транспорттун интенсивдүү ишин уюштурсун;
- Ысык-Көл областынын аймагында таштандыларды алып чыгаруу жана жок кылуу маселелерин чечсин, көлдүн түбүн тазалоону уюштурсун, ошондой эле туристтик ресурстардын аймактарын таштандылардан тазалоону жүргүзсүн;
- Ысык-Көлгө жакын жайгашкан калктуу конуштардагы тазалоону курулмаларды куруу боюнча көйгөйлөрдү иликтесин жана сунуш киргизсин;
- жаңы туристтик продуктыларды түзүү демилгелерине дем берүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымдасын;
- Кыргызстанда туризмди жайылтуу, маркетингдик куралдарды, телекөрсөтүүнү, Интернетти жана башкаларды колдонуу менен туристтик продуктыларды жарнамалоо үчүн тиешелүү органдардын ишин уюштурсун.
2. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары туризм чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин бузгандыгы, коюлган милдеттерди аткарбагандыгы үчүн ушул токтомго ылайык жеке жоопкерчилик тарта тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2016-жылдын 25-июнунан кечиктирбестен ушул токтомду ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчёт жөнөтсүн.
4. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | А.Өмүрбекова |