Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-апрели № 1527-VI
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 2-мартында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштен чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
С.К.Нышанов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
А.К.Назаров - Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасы;
М.А.Абдылдаев - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;
У.Т.Ахметов - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
А.О.Кожошев - Кыргыз Республикасынын экономика министри;
А.М.Темирбаев - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү.
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөр таблицасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна 30 календардык күндөн кечиктирбестен киргизсин.
Төраганын орун басары | Д. Төлөнөв
|