КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 26-сентябрындагы № 2589-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-майы № 1565-VI
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик оппозициясынын өкүлүн аныктоо жөнүндө
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 6-бөлүгүндөгү 1-пунктка жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 127-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Казакбаев Руслан Айтбаевич бир жылдык мөөнөткө Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына парламенттик оппозициянын өкүлү катары аныкталсын.
2. Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|