Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 5-мартындагы № 3611-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-сентябры № 2589-VI
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрүн аныктоо жөнүндө
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 127-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорку Кеңештин депутаты Матраимов Искендер Исмаилович парламенттик көпчүлүктүн өкүлү жана Жогорку Кеңештин депутаты Жамалдинов Зиядин Исламович парламенттик оппозициянын өкүлү катары Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына бир жылдык мөөнөт менен аныкталсын.
2. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик оппозициясынын өкүлүн аныктоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 10-майындагы № 1565-VI токтому;
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик көпчүлүгүнүн өкүлүн аныктоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 22-июнундагы № 1735-VI токтому.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |