Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-майы № 1568-VI
"Бишкек шаарында 2016-жылдын 27-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасынын айылдарын таза суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 30-мартындагы № 192 токтом) "Бишкек шаарында 2016-жылдын 27-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасынын айылдарын таза суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 5 жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|