Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-марты № 192
"Бишкек шаарында 2016-жылдын 27-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасынын айылдарын таза суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79 жана 80-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2016-жылдын 27-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасынын айылдарын таза суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2016-жылдын 27-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасынын айылдарын таза суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
Караңыз:
КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 10-майындагы N 1568-VI "Бишкек шаарында 2016-жылдын 27-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасынын айылдарын таза суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2016-жылдын 27-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасынын айылдарын таза суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Бишкек шаарында 2016-жылдын 27-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасынын айылдарын таза суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Кредиттик макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Ислам өнүктүрүү банкына белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-мартындагы № 192 токтому менен жактырылган |
Бишкек шаарында 2016-жылдын 27-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасынын айылдарын таза суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Бишкек шаарында 2016-жылдын 27-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасынын айылдарын таза суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашуу (мындан ары - Кредиттик макулдашуу) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кредиттик макулдашуунун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитет, Бюджет жана финансы боюнча комитет) менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 488-б буйругу менен жактырылган.
"Кыргыз Республикасынын айылдарын таза суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу" долбоорун ишке ашыруу үчүн финансы каражаттары Ислам өнүктүрүү банкы, Ислам тилектештик фонду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилет.
Долбоордун наркы 23,0 млн. АКШ долларын түзөт, анын ичинен;
- Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу - 15,0 млн. АКШ доллары;
- Ислам тилектештик фондунун каржылоосу - 5,0 млн. АКШ доллары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кошо каржылоосу - 3,0 млн. АКШ доллары.
Ислам өнүктүрүү банкынын кредити бул Кредиттик макулдашуу күчүнө кирген датадан баштап жеңилдетилген 7 жылдык мезгилди кошкондо 25 жылга, жылдык 1,5% пайыздык ставка менен берилет.
Ислам тилектештик фондунун кредити бул Кредиттик макулдашуу күчүнө кирген датадан баштап жеңилдетилген 10 жылдык мезгилди кошкондо 30 жылга, жылдык 0,75% пайыздык ставка менен берилет.
Бул долбоордун максаты (i) максаттуу айыл коомдоштуктарын суу менен камсыздоонун жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртууга, (ii) тандалып алынган айылдарда санитариялык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга жана (iii) суу менен камсыздоо жана санитария секторундагы институттардын потенциалын чыңдоо боюнча Кыргыз Республикасына көмөктөшүү болуп саналат.
Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу Жалал-Абад облусунун тандалып алынган 24 айылындагы иш-чараларга багытталат.
Жогоруда аталган Кредиттик макулдашуу айылдарды суу менен камсыздоо жана канализация системаларын андан ары өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу милдеттерди чечүүнү карайт жана республикада суу секторун өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3,0 млн. АКШ доллары көлөмүндөгү кошо каржылоосу үчүн каражаттар долбоорду ишке ашыруунун ичинде республикалык бюджеттен берилип турат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - 3 жыл.
Кредиттик макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендерлик, экологиялык, коррупциялык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.
"Бишкек шаарында 2016-жылдын 27-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасынын айылдарын таза суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМ КАТ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторун өнүктүрүү маселеси артыкчылыктуу багыттарынан болуп саналарын, акыркы жылдары бул чөйрөгө тиешелүү бир катар маанилүү документтердин мамлекеттик деңгээлде кабыл алынышы далилдейт.
Негизги документтерден болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 155 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки стратегиясы саналат.
Бул Стратегияга ылайык 2026-жылга чейин республиканын 425 айылында суммасы 8 млрд. 882 млн. сомду түзгөн суу түтүктөрүн, ошондой эле 27 райондук борбордо суммасы 4 млрд. 048 млн. сом болгон саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын куруу жана реабилитациялоо боюнча иштерди аткаруу каралууда.
Иш-чаралар планына ылайык Стратегия республикалык бюджеттин каражатынын, Азия өнүктүрүү банкынын, Дүйнөлүк банктын, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Швейцария конфедерациясынын Экономикалык мамиле боюнча мамлекеттик секретариатынын (SECO), Европа инвестициялык банкынын, Ислам өнүктүрүү банкынын, ПРООНдун, ЮНИСЕФтин жана башка булактардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каражаттарынын эсебинен каржыланат.
Өз кезегинде Стратегияны жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан айылды суу менен камсыздоо долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн Ислам өнүктүрүү банкынын финансы каражаттары тартылды.
Андан ары 2016-жылдын 14-январында бул долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономика жана инвестиция саясаты боюнча координациялык кеңеши тарабынан жактырылган.
Бул долбоор 2014-жылы Дүйнөлүк банктын багыты боюнча бүтүрүлгөн Айылды суу менен камсыздоо жана санитария (АЧСКС-2) экинчи долбоорунун уландысы болуп саналат.
Ислам өнүктүрүү банкынын долбоору Дүйнөлүк банкы менен параллелдүү финансылоонун алкагында бирдиктүү концепцияга таянуу аркылуу, АЧСКС-2 жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө алынган тажрыйбаны эске алуу менен, иштин жалпы техникалык мамилесинде жана түзүмүндө иштеп чыкты. Ошол эле учурда, ИӨБдүн финансылоосу Жалал-Абад областынан тандалып алынган 24 айылдагы иш-чарага багытталат.
Долбоордун жалпы суммасы 23,0 млн. АКШ долларды түзөт, анын ичинен:
- Ислам өнүктүрүү банкы - 15,0 млн. АКШ доллары;
- Шериктештиктин ислам фонду - 5,0 млн. АКШ доллары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кошо финансылоосу - 3,0 млн. АКШ доллары.
Ислам өнүктүрүү банкынын кредити Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып 1,5% пайыздык коюм менен, 25 жылга, анын ичинде 7 жылга жеңилдетилген мезгил менен берилет.
Шериктештиктин ислам фондунун кредити Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып 0,75% пайыздык коюм менен, 30 жылга, анын ичинде 10 жылга жеңилдетилген мезгил менен берилет.
Долбоордун максаты Кыргыз Республикасында (i) максаттуу айыл коомдоштуктарындагы суу менен камсыздоонун жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртууга, (ii) тандалып алынган айылдардагы санитардык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жана (iii) суу менен камсыздоо жана санитария секторундагы институттардын потенциалын бекемдөөгө көмөктөшүү болуп саналат.
Долбоор төмөнкүдөй компоненттерди камтыйт:
1-компонент: Курулуш иштери: Айылды суу менен камсыздоо жана санитария системасын ребилитациялоо
Бул компонент иштеп жаткан жана/же суу менен камсыздоо жана санитария объектилеринин жаңы системаларынын курулушун реабилитациялоо менен байланышкан муктаждыктарга төмөнкүдөй негизде багытталат:
1) суу менен камсыздоо системасын, анын ичинде суу менен камсыздоонун электрдик жана механикалык өндүрүшүн (скважиналарды, суу короолорун ж.б.у.с., ошондой эле дезинфекциялоо, жана зарыл болсо соргуч жабдууларын) реабилитациялоо, долбоордун зонасындагы үй чарбаларына берүү жана бөлүштүрүү (тарамдар, резервуарлар, суу ченегичтер);
2) айылды суу менен камсыздоо системасы энергиянын кайра жаңылануучу булактарын пайдалануу менен пилоттук долбоор аркылуу, электр менен камсыздоо көйгөйлөрү орун алган соргучтар аркылуу суу берилген жерлерде көз карандысыз контракттын алкагында тандалып алынган чакан долбоорлор үчүн күн панелдери түрүндөгү энергиянын альтернативдик булактары катарында уюштуруу;
3) социалдык мекемелердеги (мисалы, мектептердеги, же башка социалдык мекемелердеги, мисалы, бала бакчаларындагы) санитардык объектилерди куруу жана реабилитациялоо.
2-компонент: Санэпидкөзөмөл органдары жана биллинг системасы үчүн ЭиТО техникасын, лабораториялык жана IT жабдууларын жеткирүү:
Долбоордун зонасындагы суу менен камсыздоо системасынын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн, долбоордо сатып алынып СООППВда коюлуучу жана АКтын балансына берилүүчү ЭиТО үчүн зарыл техникалар жана жабдуулар, анын ичинде төмөнкүлөр каралат:
(i) оператордун/СООППВ иши үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ЭиТО үчүн негизги техникаларды жана жабдууларды жеткирүү;
(ii) долбоордогу зонага киргизилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиялык көзөмөлдөө департаментинин райондук борборлору үчүн лабораториялык жана IT жабдууларды жеткирүү;
(iii) суу менен камсыздоону жакшыртуунун биллинг системасын түзүү үчүн IT жабдууларды жеткирүү.
3-компонент: Санитария жана институттук өнүктүрүү маселелериндеги потенциалды күчөтүү
Бул компоненттин алкагында максаттуу коомдоштуктардагы санитарияны жакшыртуу үчүн, ошондой эле жергиликтүү деңгээлде институттук потенциалды бекемдөө үчүн жана программалык негиздерди иштеп чыгуу үчүн даярдоо иштерин жүргүзүү, анын ичинде, төмөнкүлөр үчүн колдоо көрсөтүлөт:
(i) биллинг системасын жана суу менен камсыздоону жакшыртуу (тарификацияны, биллинг системасын жана төлөмдөрдү жыйноо системасын колдоого алуу, ЭиТО боюнча тренингдер, суунун сапатын текшерүү, керектөөчүлөр менен иштөө ж.б.у.с.);
(ii) мурда бүткөрүлгөн долбоордук аймактардагы (АЧСКС-2) санитария жана биллинг системасы маселелери боюнча потенциалды күчөтүү жана алмашуу визиттери;
(iii) мурда бүткөрүлгөн долбоордук аймактардагы (АЧСКС-2) санитария жана гигиена маселелери боюнча потенциалды күчөтүү жана алмашуу визиттери;
(iv) санитария жана гигиена практикасын илгерилетүү үчүн коммуникациялык иш-чаралар жана маалыматтык кампаниялар.
4-компонент: Консультациялык кызмат көрсөтүүлөр: ПСД жана көзөмөл: Бул компонент төмөнкүлөрдүн наркын камтыйт:
(i) ПСД жана көзөмөлдү курулуш иштери үчүн даярдоонун;
(ii) базалык изилдөөнүн жана долбоордун таасирин баалоонун.
5-компонент: Долбоорду башкаруу:
Бул компоненттин алкагында төмөнкүлөргө байланышкан долбоорду башкаруу боюнча чыгымдар финансыланат:
(i) КӨИА/ОУП штатын топтоо, жабдуулардын, иш сапарлардын жана операциялык чыгымдардын чыгымдары, МиО программасы;
(ii) тышкы финансы аудити жана (iii) ИӨБдүн кеңсесиндеги тааныштыруу семинары жана тааныштыруу визити.
Аталган мыйзам долбоору социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерди алып келбейт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келбейт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жооп берет. Ошол эле учурда, аталган мыйзам долбоордун кабыл алышы башка ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүү жана толуктоо киргизүүнү талап кылбайт.
Мындан тышкары, аталган мыйзам долбоорго АРВ жүргүзүү талап кылынбай тургандыгын белгилеп кетүү керек, анткени жөнгө салуучу ишкердиктин кызыкчылыктарын козгобойт, ошондой эле коомдук талкуулоону талап кылбайт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык кредиттик макулдашуунун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 488-б буйругу менен жактырылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана агындылоону өнүктүрүү Департаменти бул долбордун алкагында Аткаруучу агенттик катарында, ал эми Кыргыз Республикасындагы коомдоштуктарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги жүзөгө ашыруучу агенттик катары чыгат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалат.
Директор |
| Б.Абдиев |