КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-январы № 1268-VI
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 2-августундагы № 425 токтому) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|