Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-августу № 425
«Төлөм системасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Төлөм системасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча) бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Төлөм системасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-жыл, № 10, 470-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
4-статьяда:
«31) электрондук акча эмиссиясын жүргүзүү (чыгаруу) укугуна ээ;»;
«6) банктар жана банк иши жөнүндө, чет өлкө валютасындагы операциялар тууралуу, төлөм, микрофинансы иши жөнүндө, кредиттик маалыматтарды алмашуу жана кредиттик союздардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз банкы тарабынан жөнгө салынуучу банктардын, финансы-кредит мекемелеринин жана башка жактардын ишин лицензиялоону жүзөгө ашырат жана берилген лицензиялардын реестрин жүргүзөт;»;
- 7-пунктчадагы «жана финансы-кредиттик мекемелердин» деген сөздөр «, финансы-кредиттик мекемелердин жана башка жактардын» деген сөздөр менен алмаштырылсын»;
- 8-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8) төлөм системасынын ишин жөнгө салат жана көзөмөлдөйт (оверсайт), Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын натыйжалуу, ишенимдүү жана коопсуз иштөөсүнө, банктар аралык төлөмдөрдү ишке ашырууга өбөлгө түзөт;».
2-берене
«Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» гезити, 2015-жылдын 3-февралы, № 8) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
- 2-бөлүгүндөгү «, ошондой эле почталык байланыш бөлүмдөрү аркылуу төлөмдөрдү, эсептешүүлөрдү жана акча которууларды жүргүзүүдө келип чыккан мамилелер» деген сөздөр алып салынсын;.
- берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
«3. Ушул Мыйзамдын аракети электр жана почта байланышы чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен жөнгө салынуучу байланыш түйүндөрүн пайдалануу жана Кыргыз Республикасында электр жана почта байланышы кызматтарын көрсөтүү ишине жайылтылбайт. Байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө тиешеси жок товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү ишке ашырууда операциялар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте түздөн-түз төлөм системасы аркылуу жүргүзүлөт.»;
2) 2-беренеде:
- берене төмөнкүдөй мазмундагы биринчи абзац менен толукталсын:
«Электрондук акчалардын акцептанты (акцептант) – юридикалык жак, ошондой эле электрондук акчалардын эмитенти болгон банк же агент менен түзүлгөн келишимге ылайык операциялардын электрондук акча менен ишке ашырылгандыгын ырастаган документтерди берүү менен товарларга же кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн электрондук акчаны кабыл алган жеке ишкер»;
- алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Төлөм системасынын оператору – Кыргыз банкынын төлөм системасынын түрүнө жана категориясына жараша лицензияга ээ/каттоодон өткөн, төлөм системасынын ишин камсыз кылган жана катышуучулар менен төлөм системасына катышуу жөнүндө келишим түзгөн юридикалык жак, түзүлгөн келишимге ылайык төлөм системасынын оператору жана катышуучулары өз ишин ушул Мыйзамга жана Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөм системасынын алкагында жүзөгө ашырууга милдеттенишет.»;
- тогузунчу абзацтагы «Төлөм картасы» деген сөздөр «Банктык төлөм картасы (төлөм картасы)» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- он биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Төлөм уюму – төлөм уюму менен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ортосунда түзүлгөн келишимге, ошондой эле ушул Мыйзамда жана Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте түзүлгөн төлөм уюму менен банктын ортосундагы келишимге ылайык, маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана эсептерди жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүү ишин жүргүзүү үчүн Кыргыз банкынын лицензиясын алган юридикалык жак.»;
- он экинчи абзацтагы «провайдер» деген сөз «төлөм системасынын оператору» деген сөздөр менен алмаштырылсын»;
- он төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Электрондук акча – алдын ала төлөнгөн карталарды жана электрондук капчыкты кошо алганда, программалык-техникалык түзүлүштө электрондук түрдө сакталган жана төлөм каражаты катары кабыл алынган акча наркы.»;
- берене төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы жана он жетинчи абзацтар менен толукталсын:
«Процессинг – финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча өз ара байланыштуу процессти өзүнө камтыган лицензияланган иш.
Электрондук акчалардын эмитенти (Эмитент) – Кыргыз банкы, ошондой эле Кыргыз банкынын электрондук акча чыгаруу укугуна лицензиясы бар, электрондук акчаны накталай акчага айландыруучу кармоочуларга электрондук акчаны төлөө боюнча сөзсүз түрдөгү жана кайтарылып алынгыс милдеттенмени өзүнө алган банк»;
3) 3-беренеде:
- 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Банк Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык банктык жана төлөмдүк кызматтарды көрсөтүүгө юридикалык жактар менен, ошондой эле калкка төлөм жүргүзүү, эсептешүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө жеке ишкерлер менен келишим (агенттик келишим) түзүүгө укуктуу. Мында келишимдин чегинде агенттердин милдеттенмелерди аткарышы боюнча жоопкерчилиги банкка жүктөлөт.»;
- 3-бөлүгүнүн 1-пунктундагы ар кандай сандагы жана жөндөмөдөгү «кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр» деген сөздөр тиешелүү сандагы жана жөндөмөлөрдөгү «товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга жана төлөм жүргүзүүнүн ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүдөгү операциялардын түрүнүн тизмегин Кыргыз банкы белгилейт.
Төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун лицензиясыз/каттоосуз иштөөсүнө тыюу салынат.»;
- 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Лицензияны алууга/каттоодон өтүүгө арыздын формасы, ага тиркелүүчү документтердин тизмеги, ошондой эле аларды кароонун тартиби Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында аныкталат.»;
4) 5-беренеде:
- 3-бөлүгү «акча которуу системасы» деген сөздөргө чейин «Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык» деген сөздөр менен толукталсын»;
- 6-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
«6) акча которууну жүзөгө ашыруудагы коопсуздук эрежелери.»;
5) 6-беренеде:
- 1-бөлүгүндөгү «эмиссиясын» деген сөз «чыгарууну» деген сөз менен алмаштырылсын.
- 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Кыргыз банкы, ошондой эле электрондук акча чыгаруу укугуна лицензиясы бар, электрондук акчаны чыгарган жана аны төлөөгө сунушталган электрондук акчаны кармоочуларга электрондук акчаны төлөө боюнча сөзсүз түрдөгү жана кайтарып алынгыс милдеттенмени өзүнө алган банк Кыргыз Республикасында электрондук акча эмитенти болуп саналат. Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны чыгаруучу эмитент электрондук акчаны пайдалануу менен төлөмдөрдүн коопсуз жана ишенимдүү жүргүзүлүшү үчүн жоопкерчилик тартат.»;
- 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Электрондук акчаларды тескеген жана тиешелүү системанын акцептанттары берген товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдө электрондук акчаны пайдаланган юридикалык жана жеке жактар электрондук акча кармоочулар болуп саналышат. Электрондук акчаларды пайдалануу менен ишке ашырылуучу операциялардын тизмеги Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында аныкталат.»;
- 5-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндөгү «дистрибьюторлордун юридикалык жактарын» деген сөздөр «агенттерди» деген сөздөр менен алмаштырылсын»;
- берене төмөнкүдөй мазмундагы 51-бөлүк менен толукталсын:
«51. Кыргыз Республикасынын резидент эместери тарабынан чыгарылган эл аралык электрондук акчаны Кыргыз Республикасынын аймагында жайылтууну банк жүзөгө ашырат. Банк Кыргыз банкынын талаптарына ылайык түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде эл аралык электрондук акчаны андан ары жайылтуу үчүн агенттерди ишке тартууга укуктуу.»;
- 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Электрондук акча эмитенти же анын агенти электрондук акчаны жайылтууда кармоочунун жана эмитенттин укуктары менен милдеттери, алар тарабынан жайылтылып жаткан электрондук акча инструменттеринин (алып жүрүүчүлөрдүн) мүнөздөмөлөрү, тарифтери, коопсуздук эрежелери жана башка шарттары менен кардарды алдын ала тааныштырууга милдеттүү.»;
- 9-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«9. Электрондук акчанын кыймылы боюнча эсепке алууну Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык банк жүзөгө ашырат.»;
6) 10-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«10-берене. Электрондук төлөм документинин укуктук статусу
Электрондук санариптик кол тамга же коргоонун эквиваленттик башка каражаттары менен күбөлөндүрүлгөн формат боюнча белгиленген талаптарга жана аныктыгын ырастаган жол-жоболорго ылайык жүргүзүлгөн электрондук төлөм документи, ошондой эле банктык төлөм карталарды, электрондук капчыктарды жана башка инновациялык инструменттерди колдонуу менен товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөрдү, айыптык төлөмдөрдү жана башка төлөмдөрдү накталай эмес формада ишке ашыруу фактысы боюнча түзүлгөн жөнөтүүчүнүн жана/же алуучунун электрондук төлөм документтерин (чек-карта, смс-билдирүү, электрондук билдирүү) ырастаган электрондук төлөм документи коюлган талаптарга ылайык күбөлөндүрүлгөн кагаз жүзүндөгү төлөм документтеринин юридикалык статусуна барабар эле юридикалык статуска ээ жана соттук жана башка талаш-тартыштарды кароодо далил катары кабыл алынууга тийиш.»;
7) 13-берененин 4-бөлүгү «төлөм системалары боюнча» деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык» деген сөздөр менен толукталсын»;
8) 14-беренеде:
- 2-бөлүгүнүн 2-пунктундагы «мобилдүү телефонду» деген сөздөрдөн кийин «жана башка төлөм инструменттерин» деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Мобилдүү банкинг боюнча кызматтарды көрсөтүү банк менен төлөм системасынын оператору жана/же кызмат көрсөтүүчүлөр менен келишим түзгөн төлөм уюмунун ортосундагы агенттик келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.»;
9) 16-беренеде:
- 6-бөлүгүндөгү «Байланыш оператору тарабынан» деген сөздөр алып салынсын;
- 7-бөлүгүндөгү «банк, кардар жана мобилдүү байланыш оператору» деген сөздөр «банк жана кардардын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10) 17-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Кыргыз Республикасынын төлөм системасы Кыргыз Республикасынын аймагында акча каражаттарын которууну жүзөгө ашыруу боюнча иштеген төлөм системаларынын жыйындысын түшүндүрөт, ушул Мыйзамга жана Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштеген Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери алардын операторлору болуп саналат.»;
11) 19-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Кыргыз банкы же Кыргыз банкынын чечими боюнча акционердик коом формасында түзүлгөн жана Кыргыз банкы берген лицензиянын жана Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштеген юридикалык жак (резидент) банктар аралык клиринг системасынын оператору болуп саналат.»;
12) 20-беренеде:
- 1-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндөгү «жана көпчүлүк» жана «коммерциялык» деген сөздөр алып салынсын;
- 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системасы Кыргыз банкында каттоодон өтүүгө тийиш. Эл аралык төлөм системасынын Кыргыз банкында каттоодон өтпөй туруп Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөсүнө тыюу салынат.»;
13) 21-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
14) 23-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Түзүлгөн келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында калкка төлөм кызматтарын көрсөтүүчү финансы-кредиттик мекемелер, адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер, төлөм системасынын операторлору, төлөм уюмдары жана алардын агенттери төлөм системасынын катышуучулары болуп саналат.»;
15) 24-берененин 1 жана 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Ошол өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын уруксат берүүчү тиешелүү документтери (лицензия, күбөлүк) бар, Кыргыз банкында каттоодон өткөн жана акча которуу системасынын ишин камсыз кылган юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси эсеп ачпай туруп акча которууну жүзөгө ашырган акча которуу системасынын оператору болуп саналат. Акча которуу системасынын операторунун, резиденттин/резидент эместин каттоодон өтпөй туруп Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөсүнө тыюу салынат.
2. Үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына финансы маалыматтарын (процессинг, клиринг) берүү боюнча кызмат көрсөтүүгө лицензиясы бар юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын резиденти электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын оператору болуп саналат. Эл аралык электрондук акча системанын оператору/эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти - Кыргыз Республикасынын резидент эмеси ушул Мыйзамга жана Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз банкында каттоодон өткөн шартта гана иштей алат. Эл аралык электрондук акча системасынын операторуна/эл аралык электрондук акча системасынын эмитентине Кыргыз банкында каттоодон өтпөй туруп иштөөсүнө тыюу салынат.»;
16) 25-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-бөлүктөр менен толукталсын:
«3. Төлөм системасынын пайдалануучулары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өз таламдарын мамлекеттик коргоого;
2) кепилденген накталай жана накталай эмес төлөмгө;
3) накталай эмес төлөмдөрдүн коопсуздугуна;
4) жүргүзүлгөн төлөмдөр жөнүндө толук жана так маалыматтарга;
5) ырастоочу документтер болгон шартта, төлөм суммасынын ордунун толтурулушуна.
4. Төлөм системасынын пайдалануучуларынын укуктарын коргоо максатында төлөм системасынын катышуучулары төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер жөнүндө системаны пайдалануучуга алдын ала тааныштырууга милдеттүү.»;
17) 26-беренеде:
- берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«26-берене. Кыргыз банкынын Кыргыз Республикасынын төлөм системасындагы функциялары жана ыйгарым укуктары»;
- 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) электрондук акчаны чыгаруу укугуна лицензия берет жана берилген лицензиялардын реестрин жүргүзөт;
2) төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына финансы маалыматтарын (процессинг, клиринг) берүү боюнча ишти жүзөгө ашырууга, ошондой эле маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүгө лицензияларды берет жана берилген лицензиялардын реестрин жүргүзөт;»;
- 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 21-пунктча менен толукталсын:
«21) акча которуу системасынын, банктык төлөм каражаттарын колдонуу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системасынын операторлорун жана электрондук акчанын эл аралык системасынын операторлорун/электрондук акчанын эл аралык системасынын эмитенттерин Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык электрондук акчаны пайдалануу менен кызмат көрсөтүүлөрү үчүн каттоодон өткөрөт;»;
- 3-бөлүгүндөгү «улуттук» деген сөз алып салынсын;
18) 27-беренеде:
- 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Кыргыз банкы банк иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагында банктарга жана төлөм системасынын операторлоруна төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча инфраструктураны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү камсыз кылат.»;
19) 31-беренеде:
- 6-бөлүгүнүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) системалык тобокелдиктин келип чыгышына же алгылыксыз иштин орун алышына бөгөт коюу максатында ушул Мыйзамга жана Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөм системасынын операторлоруна карата таасир этүү чараларын колдонууга.»;
20) 6-глава төмөнкүдөй мазмундагы 311-берене менен толукталсын:
«311-берене. Кыргыз банкы колдонуучу таасир этүү чаралары
1. Кыргыз банкы төмөнкү учурларда төлөм системасынын катышуучуларына карата таасир этүү чараларын колдонот:
1) төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары өз ишин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузса;
2) Кыргыз банкынын жер-жерлердеги көзөмөлдөө функцияларына жана текшерүүлөрүнө каршылык көрсөтсө;
3) финансылык отчетторду бурмалоо максатында айкын орду жабылбаган жалган жана шектүү операциялар ишке ашырылса;
4) катышуучулардын жана төлөм системасынын пайдалануучуларынын, төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызыкчылыгына коркунуч келтирген аракеттерге же аракетсиздиктерге жол берилсе.
2. Кыргыз банкы тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө баяндалган, төлөм системасынын ишинин үзгүлтүккө учурашына алып келүүчү, ошондой эле төлөм системасынын катышуучулары көрсөткөн кызматтарга, аларды пайдалануучуларга таасирин тийгизүүчү жагдайлар аныкталса, Кыргыз банкы эскертүүлөрдү жөнөтөт жана/же төмөнкүдөй чараларды колдонот:
1) жазма буйрук берүү;
2) айыптык санкцияларды колдонуу;
3) лицензиялардын алкагында төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым түрлөрүн убактылуу токтотуу же аларды чектөө;
4) лицензияларды кайтарып алуу.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн таасир этүү чаралары Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз банкы тарабынан колдонулат.
Айыптык санкция түрүндөгү таасир этүү чараларын колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын административдик мыйзамдарына ылайык аныкталат.
4. Айыптык төлөмдү өндүрүүдөн түшкөн каражаттар түздөн-түз Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине багытталат.»;
21) 32-беренеде:
- 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Төлөм системасынын катышуучулары өз ишин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүшөт жана башкаруу системасында жөнөтүүчүлөрдүн, алуучулардын маалымдамасынын болушун жана аларды террористтик жана экстремисттик иш-аракеттерге же массалык жок кылуучу курал-жаракты таркатууга катышы барлардын тизмеси боюнча текшерүүнү камсыз кылууга тийиш.»;
- 2-бөлүгүндөгү «Кыргыз банкынын талаптарына системанын эрежелеринин жооп бере тургандыгына көзү жетүүсү тийиш» деген сөздөр «Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына шайкеш келе тургандыгына ынанууга тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Төлөм системасынын катышуучуларынын өз ара ишинин алкагында туумдарды жана айыптык санкцияларды өндүрүү, ошондой эле чыгымдардын ордун толтуруу милдет эмес, укук болуп саналат жана түзүлгөн келишимдерге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тараптар аркылуу ишке ашырылат.».
3-берене
«Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-жыл, № 10, 471-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 33-статьяда:
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:
«11) маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүүнү.»;
«4) электрондук акча чыгарууну;
5) үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү (процессинг, клиринг) боюнча кызматтарды көрсөтүүнү жүзөгө ашыруусу мүмкүн.».
4-берене
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-жыл, № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
614-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндөгү «накталай төлөм формасында» деген сөздөр «накталай жана накталай эмес төлөм формаларында» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5-берене
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз банкы өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти