Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-январы № 1291-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 18-январындагы "Республиканын аэропортторунун жана авиакомпанияларынын жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча ишинин абалы жөнүндө" № 1257-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 18-январындагы "Республиканын аэропортторунун жана авиакомпанияларынын жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча ишинин абалы жөнүндө" № 1257-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Республиканын аэропортторунун жана авиакомпанияларынын ишин иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө".
2. Преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2016-жылдын 11-13-декабрындагы форс-мажордук шарттарда Ош шаарынын эл аралык аэропортунун кызматтарынын аракеттерине жарандардын көптөгөн кайрылууларына, ошондой эле Талас шаарынын аэропортуна тиешелүү болгон жерлерди мыйзамсыз менчиктештирүү жөнүндө жарандардын кайрылууларына жана республиканын аэропорттору жана авиакомпаниялары тарабынан жүргүнчүлөрдү ойдогудай тейлөөнү бүтүндөй камсыздоого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:".
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Э.Төлөнов комиссиянын курамынан чыгарылсын жана ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Нурматов киргизилсин.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|