Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-январы № 1293-VI
Кыргыз Республикасынын онкологиялык жана гематологиялык кызматтарынын абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын онкологиялык жана гематологиялык кызматтарынын абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ч.А.Султанбекованын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт.
2015-жылы республика боюнча биринчи жолу 5466 онкологиялык оорулуулар эсепке алынып, алардын ичинен 3414 пациент каза болгон.
Залалдуу шишиктер менен ооруу көрсөткүчү - 100 миң калкка 2011-жылы 90,4, 2012-жылы - 89,1, 2013-жылы - 89,6, 2014-жылы - 95,1 жана 2015-жылы 91,7ни түзгөн. Бүтүндөй республика боюнча, ошондой эле айрым региондордо: Ош, Талас областтарында жана Ош шаарында оорунун өсүшү байкалат. Калган региондор боюнча аталган көрсөткүчтүн бир аз төмөндөгөндүгү белгиленген.
Оорулуулардын 34%зы кечирээк - оорунун 3-стадиясында табылууда. Мындай оорулуулар радикалдуу дарылоого карабастан эсепке алуунун биринчи жылында көп каза болушат.
Улуттук онкология борборунун (мындан ары - УОБ) койкалык фонду 400 койканы түзөт. УОБдун түзүмүндө онкологиялык оорулар: химиотерепевтикалык, нур усулу менен дарылоо, клиникалык радиология, дары-дармек терапиясы жана реабилитациялоо бөлүмү, изилдөөнүн морфологиялык усулу, залалдуу шишиктердин эпидемиологиясы жана алдын алуу, операциялык блок, трансфузиологиялык бөлмө диагностикалары жана дарылоо үчүн адистешкен бөлүмдөр иштейт.
Кыргыз илимий гематология борборунун (мындан ары - КИГБ) түзүмүндө болгону 52 койкалык 2 бөлүм: интенсивдүү терапия палаталары (30 койка) бар гематологиялык бөлүм жана чучукту трансплантациялоо блогу бар (22 койка) онкогематологиялык бөлүм иштейт.
КИГБнын персоналынын штаттык санынын натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүнүн талдоосу 2014-жыл үчүн ооруканадан чыгарылган оорулуулардын саны боюнча айына бир дарыгерге болгон орточо жүк 18-20 оорулуунун ченемдик жүгүнө карата 10 адамды түзгөн.
КИГБнын койкалык фондунун ишинин натыйжалуулугун талдоодо койкалык фонд 88-90%га пайдаланыла тургандыгы белгиленген. 2015-жылы КИГБда 1654 оорулуу дарыланган, алардын ичинен 40%зын онкогематологиялык пациенттер түзөт. Гематологиялык бөлүмдө дарыланган оорулуулардын түзүмүндө 49%зын аз кандуу оорулуулар, алардын ичинен амбулатордук дарыланууга тийиш болгон 45%зын канында темир жетишпеген оорулуулар түзгөн.
2016-жылдын 4-августунда Улуттук онкология борборунун жетекчисин шайлоо, 2016-жылдын 23-августунда - Кыргыз илимий гематология борборунун жетекчисин шайлоо өткөрүлгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жетекчилерди дайындоо өз мезгилинде өткөрүлбөгөндүгүнө байланыштуу, маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйналышында каралган. Комитеттин 2016-жылдын 13-сентябрындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2016-жылдын 30-сентябрына чейин Улуттук онкология борборунун директорунун кызмат ордун бекитүү тапшырмасы берилген. Бирок өткөн беш айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көрсөтүлгөн уюмдардын жетекчилерин бекиткен эмес.
2016-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борборун реорганизациялоо маселелери жөнүндө" № 711 токтом кабыл алып, ага ылайык Кыргыз илимий гематология борбору Улуттук онкология борборуна бириктирилген.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын онкологиялык жана гематологиялык кызматтарынын абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ч.А.Султанбекованын маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тикелей аткарылышын камсыз кылсын;
2) калкка онкогематологиялык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн онкологиялык жана гематологиялык кызматтарды каржылоону көбөйтүү жөнүндө маселени карасын;
3) Кыргыз Республикасынын Онкологиялык кызматтарды өнүктүрүүнүн улуттук программасын иштеп чыксын жана аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна 2017-жылдын 1-мартына чейин киргизсин;
4) залалдуу шишиктерден жапа чеккен оорулууларга нурлуу диагностика жана нурлуу терапия жүргүзүү үчүн заманбап жабдууларды сатып алуу жөнүндө маселени карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги төмөнкүлөрдү камсыздасын:
1) республиканын онкогематологиялык кызматтары үчүн балдар адистерин/клиникалык ординаторлорду - анестезиолог-реаниматолог, хирург, онколог, гематолог дарыгерлерин даярдоону;
2) онкологиялык оорулууларды активдүү эртелеп табуу маселелери боюнча үй-бүлөө дарыгерлерин жана медициналык эмчи айымдарды даярдоону;
3) онкологиялык ооруларды эртелеп табуу маселелерин жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдырууну.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2017-жылдын республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө залалдуу шишиктерге диагностика жүргүзүү жана дарылоо боюнча заманбап аппаратураларды сатып алуу үчүн каражаттарды карасын.
5. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары 2017-жылдын 1-сентябрына чейин ушул токтомдун ишке ашырылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|