Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-декабры № 711
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борборун кайра уюштуруу маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 310 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92 жана 93-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борбору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Кыргыз илимий гематология борборун жогоруда аталган борборго кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борбору Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология жана гематология борбору деп кайрадан аталсын.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 310 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 “Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда “улуттук” статусу же “академиялык” ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин кызматтык маянасына үстөк акылар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген “улуттук” статусу же “академиялык” ардактуу наамы бар мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тизмесинин 23-пункту “онкология” деген сөздөн кийин “жана гематология” деген сөздөр менен толукталсын.
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 310 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6.(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 310 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 30-сентябрындагы № 572 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Кыргыз илимий гематология борборун түзүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 19-ноябрындагы № 671 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 30-сентябрындагы № 572 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Кыргыз илимий гематология борборун түзүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 11-апрелиндеги № 165 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борбору жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” токтомунун 18-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 377 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борборунун уставын бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 514 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз гематология илимий борборунун уставын бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-майындагы № 280 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 9 жана 10-пункттары.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |