Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-марты № 1396-VI
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.Ш.Өмүркулов, Д.Д.Бекешев жана Н.В.Никитенко демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|