Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-марты № 1407-VI
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу тобун түзүү тууралуу
(КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 7-мартындагы № 2292-VI, 2019-жылдын 24-январындагы № 2854-VI токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
А.Н.Шыкмаматов - Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басары;
К.С.Бокоев - Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин мүчөсү, мыйзам долбоорунун демилгечиси;
Н.В.Никитенко - Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзам долбоорунун кошумча демилгечиси;
У.Т.Кыдыралиев - Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзам долбоорунун кошумча демилгечиси;
К.С.Дыйканбаев - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;
Б. Ж.Жеенбаева - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Б.У.Салиев - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык иштер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору.
(КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 7-мартындагы № 2292-VI, 2019-жылдын 24-январындагы № 2854-VI токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 7-мартындагы № 2292-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 7-мартындагы № 2292-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|